Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Мубарак соттолду, Тахрир толкууда


Тахрир аянтындагы демонстранттардын бири түрдүү тилдерде жазылган "Баасыз өлүм" деген ураанды кармап турат. Каир, 2-июнь 2012
Тахрир аянтындагы демонстранттардын бири түрдүү тилдерде жазылган "Баасыз өлүм" деген ураанды кармап турат. Каир, 2-июнь 2012

3-июнда Каирдин Тахрир аянты кайра демонстранттарга толду. Былтыркы кан төгүүлөргө жооптуу даражалуу полиция чиновниктери акталганы нааразылык туудурду.

Ишемби күнү Египет соту экс-президент Хосни Мубаракты былтыр февралдагы элдик толкундоолор кезинде 850дей адамды өлтүрүүгө жооптуу деп, өмүр бою эркинен ажыратты. Мурдагы ички иштер министри Хабиб ал-Адли да ушундай айып менен өмүр бою абакка кесилди. Мубарак жана башка айыпталуучуларды сот өлүм жазасына тартышы мүмкүн эле. Экс-президенттин адвокаттары Жогорку Сотко арыз менен даттанмак болушууда.

Сот Ички иштер министрлигинин даражалуу төрт чиновнигин кандуу булоонго тиешеси жок деп актады. Ошондой эле Мубарактын уулдары Алаа жана Гамалды пара алган эмес деп актады. Ошол замат залда тополоң чыгып, нааразылык кийинчерээк Тахрир аянтына көчтү.


Экс-президент Мубаракка сот өкүмдү угузгандан кийин сыртка кол арабада алып баратышат. 2-июнь 2012
Экс-президент Мубаракка сот өкүмдү угузгандан кийин сыртка кол арабада алып баратышат. 2-июнь 2012
Мубарактын 30 жылдык башкаруусуна чекит койгон элдик көтөрүлүш дал Тахир аянтында башталган. Белгилей кетели, Мубарактын эки уулу баалуу кагаздар менен манипуляция кылган деп шектелгендиктен, абакта кала беришет.

Кара көз айнекчен 84 жаштагы Мубарак өкүмдү бетинин бир булчуңу былк этпей укту. Бирок аны сот залынан түрмөгө алып баратканда жүрөгү кармап, госпиталга жөнөтүлдү. Мубарак аны абакка алып барчу тик учакка түшпөй, каршылык көрсөткөнүн айрым маалымат булактары кабарлады.

Былтыркы кылкылдаган демонстрациялардын уюштуруучулары да сот өкүмүнө нааразы. Парламентте орундардын теңине жакынына ээ “Мусулман агайиндер” кыймылы полициянын жооптуу кызматкерлеринин акталганына нааразылык ирети ишемби күнү элди жапырт демонстрацияга үндөштү. Тахрир аянтына 2-майда 20 миңдей адам чыкты. Агайиндердин президенттикке талапкер өкүлү Мухаммед Мурси эгер президент шайланса, "Хосни Мубаракты жана анын өнөктөштөрүн кайра жоопко тарттырам" деп Тахрир аянтында шайлоочуларга убада берди:

-Мен биринчиден, токтоосуз кылмыш иликтөө департаменти, прокуратурадан жана жогорку деңгээлдеги эксперттерден команда түздүрөм. Алар ыңкылапчыларга каршы, өлкөнү коррупцияга батыргандарга каршы, өлкөнү кыйраткандарга каршы жана ондогон жылдар өлкөнүн байлыгын сыртка мыйзамсыз ташыгандарга каршы далил топтоп, алардын күнөөсүн моюндарына коет.

Мухаммед Мурси 16-17-июнда болчу президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Мубарактын акыркы өкмөтүн башкарган Ахмед Шафик менен беттешет.

Жекшемби күнү да таң азандан Тахрир аянтына "ыңкылап максатына жетпеди, эл канын төккөндөр татыктуу жазасын албады" дегендер агылып келди. Алардын бири Адил Шалаби демонстранттардын талабы тууралуу буларды айтты:

-Биз башкы прокурордун өкүмдү кайра иликтеп көрүүсүн жана ал-Адлинин жардамчыларынын өкүмүн кайра кароону талап кылабыз. Себеби, аларды актоого негиз жок. Алар зарыл күбөлөр табылбай акталса, бийлик далилдерди чогултуп, сотту кайра улантууга тийиш.

Демонстрация Египеттин экинчи чоң шаары Александрия жана Суэцте да өттү.

Мубарак былтыркы “Араб жазы” маалында бийликтен кулатылып, жоопко тартылган биринчи араб лидери. Араб дүйнөсүн солкулдаткан былтыркы элдик козголушта оболу Тунистин президенти Абидин Бен Али бийликтен кулап, өлкөдөн чыга качкан. Ливиянын лидери Муаммар Каддафини көтөрүлүшчүлөр тындым кылган. Ал эми Йемен президенти Али Абдулла Салех бийликтен өз ыктыяры менен баш тартып, жанын сактап калган.

XS
SM
MD
LG