Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Сапаргүлдүн монологу


Сапаргүл менен жолукканга чейин мен үчүн бир тагдыр, же адам эмес эле “Сапаргүл” деген абстрактуу түшүнүк бар болчу. Бирок алдымда акылдуу, сулуу жана жаш келин турат.

- Сени кантип тааныйт экенмин деп ойлонуп турдум эле, мени го тааныш эми оңой, - деп тамашалап койот.

Сапаргүлдүн колунан “Кока-Кола” түшпөйт, кофени тез-тез ичет, бир нерсеге бушайман болгону даана көрүнүп турат.

Ал эрктүүлүгүнөн гана башына түшкөн кыйынчылыктарды жеңип келе жаткандай.

Азырынча ал кайсы жерде жана кылмыш иши кайсы тепкичте экенин Сапаргүлдүн коопсуздугу үчүн айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Сапаргүлдүн айрым ойлорун гана жаздырып алгам.

Аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Адам кадимкидей сынат экен. Кышында бир күнү үйгө келе жатсам, тизем бүгүлүп эле басалбай койдум. Ошол бойдон карга жыгылып, жерде жатып алып боздоп ыйладым. Кудайга үнүм ошол кечте жетти окшойт.

Кышында кийип жүргөн жашыл курткамды ушунчалык жек көрөм. Аны кыш ичи үзбөй кийип жүргөм. Иштен келип, чечинбестен эле бурчка отуруп алып, уктайын деп аракеттенчүмүн.

Мени жайнамаз сактап калды. Чыдагыс абалга жеткенимде, жайнамазда тартылган мечиттин сүрөтүн жүрөгүмө басып алып жатчум. Ошентип тирүү калдым.

Кээде жашоом соттон кийин токтоп калчудай сезилет. Ошол күнгө жетер бекем? Азырынча ошол айбандар жазасын алыш керек деген ой гана мени кармап турат.

Мен ушунчалык жашоону жакшы көрчүмүн! Ата-энеме акча жөнөтүп, жакшы иштечүмүн, жакшынакай кийинчүмүн, даамдуу тамактанчумун. Алар мени эмне кылышты!

Кээде көчөдөгү адамдарды карап, ошолордун жөнөкөй жашоосун каалап кетем. Ошол окуяга чейинки жашоону эңсейм.

Мен түшүнүүнү жана актанууну каалайм, бирок актана аламбы?

Эгерде эки адам сүйлөшүп турган болсо, алар мени жамандап жаткандай сезиле берет. Ушул нерсе ооруга айланды. Адамдардан мен тууралуу оюн эле сурай берем. Денеме кантип мамиле жасашты билбейм, аны баары көрүп бүткөн да.

Мен элден чыгып калдым – бул эң оор нерсе экен. Өзүмдү жалгыз сезем, эч кимге ишенбейм. Кыйналдым...

Телефонумда бир ыр кечке ырдайт. Кыш ичи ошону угуп чыктым. Ал да мени сактады. Кайталоодо турат. Айнагүл деген ырчы ырдайт экен.

Баарын унуткум келет, күнүгө бир кара күч менен алышам.

Видеого тартылган мага окшогон кыздарга кайрылгым келет. Кыздар, коркпогула, менин менен байланышкыла. Кудай жардам берет. Бирок арыз жазып, ал балдар мыйзамдын чегинде жазасын алыш керек. Башка жол жок!

Биринчи мен өзүм өч алам деп жүрдүм. Екатеринбургга келип, ар бирин кармайм деп ойлогом. Анан колуман келбесин түшүнүп, өлүп калсам, менин арбагым келип алардан өч алат деп кыялданчумун.

Мен видеону 2012-жылдын 7-январында көрдүм. Ошондон бери тозокто жашайм. Ал видеого чейин ыйлай берчүмүн, бирок эч кимге айтпайт элем.

Мен эми эч нерседен коркпойм да, баарынан корком. Кыргыз эркектеринен корком.

Эң башкысы балдарыма боорум ооруйт.

Мен ошол видео бар ар бир телефонду жана компьютерди сындыргым келет. Көп жолу мигранттар турчу батирде бир бөлмөгө кирсем, баары үйүлүп бирдеме карап жатышкан болот – албетте мен бар видеону көрүп жатышкан да. Кээ бирөөлөр ачык эле мазакташчу.

Мен сыртка чыккандан корком. Баскандан корком. Метродо кыргызды көрүп калсам дароо чыгып кетем.

Ал балдар жазасын алган күндө деле менин жашоомду мага ким кайтарып берет?! 13 мүнөттүк ролик мени жок кылып таштады го! Мен тирүүлөй өлүкмүн...

Кыргызстанга кантип барам? 80 жаштагы атам менин окуямдан кийин ооруканага түшүп, өзүнө келе албай жатат. Бир туугандарым менден жүз буруп кетишти.

Мен тозокту эми жакшы билем. Ар бир секунд сайын тозокто жашайм...

Ар кандай дарыларды иче берем, эч уктай албайм.

Мен эми эмне десем да актангандай сезилем.

Мен өтө күчтүүмүн, эр жүрөкмүн, ошондуктан чыдап жашап жүрөм, бирок ал түнү 15 эркектен корктум. Суунун жанына алып барышып, өлтүрөбүз дешти. “Бутуңа таш байлайбыз, эгер жээкке чыга алсаң тирүү каласың” деп коркутушкан.

Мен алар менен тийишкенинен таанышпай койдум эле, ошону көтөрө албаган коркоктор алар. Кафеде курбум менен жумуштан кийин отурган элек.

Ал зөөкүрлөр адам өлтүргөн, мен сезгем. Жалынып жатып, аман калгам. Эртеси Екатеринбургдан чыгып кеткем. Ар бири өзүнчө болсо, алым жетмек. Алар чоң кылмышкерлер деле эмес, майда “хулигандар”. Патриоттор андай иштерди жасашпайт, патриоттор Кыргызстанды шаар дешпейт, патриоттор акылдуу, билимдүү болушат, алар аялдын намысын, Мекендин намысын коргошот. Патриоттор кыздарды зордукташпайт, патриоттор балдарын, аялын таштап коюп, качышпайт.

10 ай кантип өткөнүн билбейм. Арызды кордук көргөн кыздар үчүн жаздым. Арасында өлтүрүлгөн кыздар да бар болуш керек.

Менде эч нерсе калган жок – алар баарын алышты. “Сапаргүл асынып өлүптүр” дегенди укканда жөн тура алган жокмун, “Азаттыкка” кайрылдым.

Мен бир кичинекей кыздан кат алдым, ал жерде жазылган жылуу сөздөрдү күндө окуйм”.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG