Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кыргыз-казак чек арасында ары тартыш, бери тартыш


Кыргыз-казак "Ак жол" чек ара өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр (сүрөт мурда тартылган)
Кыргыз-казак "Ак жол" чек ара өткөрмө бекетинде кезек күткөндөр (сүрөт мурда тартылган)

Кыргыз-казак "Ак жол" чек ара өткөрмө бекетинде Казакстан тараптан келаткандар өтө албай, мушташ, жөөлөшүүлөр болуп жатканын Фейсбук баракчасына Кыргызстандын билим берүү программасынын улуттук координатору Жылдыз Дүйшөнова жазды. "Азаттык" чек арадагы жагдайга кызыкты.

Жылдыз айым Казакстанга иш менен барып келатканда чек арадагы "Ак жол" өткөрмө бекетинде адамгерчиликке жатпаган жоруктарга күбө болгон экен. Чек арадагы кымгууттук жана баш аламандык эки коңшу бийликтердин өз ара ымаланы жакшыртуу аракетине канчалык сыят? Бул сыяктуу суроолордун тегерегинде Жылдыз Дүйшөновага кайрылдык.

“Азаттык”: Сиз күбө болгон уруш-талаштар кимдердин арасында болуп жатыптыр?

Жылдыз Дүйшөнова: Алар көбүнчө Кыргызстанга келип соода кылып кеткен казакстандыктар. Кыргызстанда товар арзан болуп жатпайбы, чоң-чоң баштыктары менен өтө албай турушат. Казакстан тараптан өтүү кыйын. Кыргызстан тараптан болсо жөн эле өтөсүң, 5-10 мүнөттө эле өтүп кеттик. Ортодогу эч кимге карабаган жерден өткөндөн кийин жаман, баш аламан, уруш, мушташ. Аялдар менен эркектер мушташып жатканын көрөсүң.

“Азаттык”: Ошондой чырдашып жатышса, ал жердеги тартип коргоо органдары, чек арачылар аларды арачылабайт бекен?

Жылдыз Дүйшөнова: Арачылабай, аларды карап турушпайбы. Ошолорду көрүп рахат алып жатышкандай. Кишилерди “кой” дебей, чекеде көз салып турушат. Жанына барып, “койгула, антпегиле, урушпагыла” деп койгон бир да киши жок. Бажычылар да тиктеп турушат.

“Азаттык”: Казакстан тараптан Кыргызстанга Орусиядан, Казакстандан келаткан туристтерди атайын өткөрбөй жатат деген маалымат тарады. Андай нерсени байкаган жоксузбу?

Жылдыз Дүйшөнова: Андай нерсе уккан жокмун. Чынын айтканда, кайра кайтып келатканыбызда оңой эле өтүп кеттик. Биз кечки саат сегиздерде өткөндө кезек аз болчу. Бирок эртеси күнү интернетте, “Дизель” форумунда Ысык-Көлгө келаткан туристтерди өткөрбөй жатканы тууралуу видео чыкты. Мен аны көрдүм. Андай чатактар көп эле болуп жатат.

“Азаттык”: Казак тарап мындай аркетин эмне менен түшүндүрүп жатат?

Жылдыз Дүйшөнова: Алар түшүндүрмөк тургай киши менен сүйлөшчү кебетелери жок. Бирдеме дейин десең таптакыр уккусу жок, же өткөрбөй коюшат, же коркутушат. Такыр жакшы мамиле жок, маданияттуу түрдө мамиле кыла турган бажычыларды көрбөйсүң.

“Азаттык”: Жакында президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Казакстанга барып, жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Чек арада бул сүйлөшүүлөрдүн кандай таасири байкалат?

Жылдыз Дүйшөнова: Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болсо, капкачан ошол жерде тартипти орнотуп, ары-бери өткөн элди жакшынакай уюштуруп коймок да. Ал жерде эки тарапка өткөндө тең эч кандай келишүүнүн жыйынтыгы байкалбайт.


Закир Тиленов: Чек арада мушташ жок

Казак-кыргыз чек арасында элдин тыгылып өтө албай, мушташа кеткенге чейин барып жатканына кыргыз өкмөтү кандай чара көрүүдө? Эки өлкөнүн чек ара тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн иш жүзүндөгү натыйжасы тууралуу суроолорго Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов жооп берди.

“Азаттык”: Казак-кыргыз чек арасындагы “Ак жол” бекетинде элдер өтө албай, тыгын болуп мушташууга чейин барып жатышканына кандай чара көрүлдү?

Закир Тиленов: Мушташууга чейин эч ким барган жок. Биз Кыргызстандын, Казакстандын жана башка мамлекеттин жарандарын өз убагында өткөрүп жатабыз. Казакстан тарап бат өткөрбөй аз-маз кармап жатышат. Бирок биз алардын чек арачылары менен сүйлөшүп, ал жердеги туристтерди башка өтмөктөргө жөнөтүп жатабыз. Алар “Ак тилек”, “Кең булуң”, “Токмок” бекеттери.

“Азаттык”: Эки өлкөнүн жетекчилери сүйлөшүп, чек ара маселесин чечкени айтылган. Анын жыйынтыгы иш жүзүндө кандай болуп жатат?

Закир Тиленов: Ошонун жыйынтыгында “Ак тилек” өтмөгү толук ачылып, “Ак жолдун” иши болсо жеңилдеп калды.

“Азаттык”: Казак тарап “Ак жолдо” эмнеге чек арадан өтчү адамдарды кармап жатат?

Закир Тиленов: Алар өткөрүп жатат, бирок көбүрөөк текшерип жаткандыктан, кезек көбөйүп кетип жатат.

"Азаттыктын" кабарчылары эки коңшу өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар "Ак жол" бекетиндеги көрүнүштү март айында тартып келген:


Ары тартыш, бери тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG