Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Царнаевдердин Токмоктогу балалыгы


Токмоктуктар Царнаевдер тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

АКШнын Бостон шаарындагы кош жардырууну уюштурган деп шектелип жаткан Тамерлан менен Жохарды, анын ата-энесин тааныган токмоктуктар "бул үй-бүлө үлгүлүү болчу" деп айтышты.

АКШнын Бостон шаарындагы жардырууну уюштурган деп шектелип жаткан Тамерлан менен Жохарды, алардын атасы Анзор менен апасы Зубейдат Царнаевдерди тааныган, алака-катыш кармап жүргөн Токмоктогу мурунку кошуналары, классташтары жана мугалимдери жаңылыктарды укканда таң калганын, алар мындай ишке барчу балдардан эместигин айтып жатышат.

Кылмышка шектелип жаткан 26 жаштагы Тамерлан Царнаев полиция менен ок атышууда көз жумган.

Лейла Алиева Тамерлан менен 1999-жылдан баштап 5-6-класста чогуу окуган. Лейла Тамерланды класста баары менен дос болгон, эч кандай уруштарга аралашпаган, ачык мүнөздүү бала катары мүнөздөйт. "Биз музыкалык мектепке чогуу барчубуз, андан сырткары ал бокско кызыкчу", - деп эскерет Алиева:

- Мен аны жакшы жагынан гана тааныйм, үй-бүлөсү да жакшы кишилер. Экөөбүз музыкалык мектепке барчубуз, ал спорт менен машыкчу. Баары эле аны жакшы сөздөр менен эстешет. Кимден сурасаңыз да эч ким ал жөнүндө жаман сөз айтпайт. Баары менен достошуп жүргөн ачык бала болчу.

Тамерлан окуган Токмоктун №1 мектеп-гимназиянын директору Любовь Шульженко 6-класстагы мектеп журналын барактап чыгып, ал жалаң гана беш менен төрткө окуганын айтты.

Совет доору урагандан кийин Анзор Царнаев үй-бүлөсүн алып, 90-жылдардын башында башка чечендер менен кошо Түндүк Кавказга кеткен. Бирок 1995-жылы алар Чеченстандагы согуштан качып, кайрадан Токмокко келишкен. Тамерлан алар менен кошо келгенби, же үй-бүлөсүнө кийинчерээк кошулганбы – бул азырынча белгисиз. Анткени ал 1998-жылы шаардын №2 мектебинин 4-классына дароо Чеченстандан келип кирген.

Мурунку класс жетекчиси Наталья Курочкина ошол убакытта Тамерлан түнт бала болгонун, классташтары ал Чечен согушун көргөн деп, ага боор тартып, түшүнүү менен мамиле кылганын айтты:

- Царнаевдер Чеченстандан келген качкындар болчу. Тамерлан жөнөкөй эле бала болчу, аты жаман чыккан эмес. Чеченстандагы согуш ага таасирин тийгизген болуш керек. Анткени ал жоош, коркок болчу деп да айтса болот. Бизде ал көп окуган жок. Жарым жылдай окуду. Апасы баласынын окуусуна кызыгып, чогулуштарга келип турчу. Бала агрессивдүү, башкаларды жактырбачу деп айта албайм.

Шектелип жаткан кичүү баласы – полиция кармаган 19 жаштагы Жохар Царнаев 1-класска Дагестандын борбор калаасы Махачкала шаарындагы мектептен барган.

Царнаевдердин атасы, 1966 -жылы туулган Анзор Царнаев Токмоктун четинде жайгашкан Кант завод деген жерде туулуп өскөн. Бул Совет доорунда чечендер жыш отурукташкан район болчу. Бирок 90-жылдары көпчүлүгү көчүп кетип, азыр 10 чакты эле үй-бүлө калган.

Анзордун бир тууган инилери менен карындаштары бар. 1944-жылы Сталиндин буйругу менен күч менен көчүрүлгөн Царнаевдердин ата-энеси бул жерде үйлүү-жайлуу жана балалуу болушкан. Үй-бүлөнүн башы – Зайндин 80-жылдардын аягында кырсыктан каза болгон, ал эми калгандары 1992-жылы башкалар менен кошо Түндүк Кавказга кетишкен. Алардын кошуналары Царнаевдер бул жерде үлгүлүү үй-бүлө болгонун, эч бир кылмыштуу же динчил топторго аралашпаганын, балдардын баары жогорку билимдүү болушканын айтышты.

Батруди Цакаев кылмышка шектелип жаткан эки баланын атасы – Анзор Царнаевдин досу. Анын айтымында, Анзор Царнаев 2001-жылы Дагестандан АКШга кеткенден кийин Кыргызстанга бир нече жолу келип, бул өлкөнү сагынып жатканын айткан. Акыркы жолу 2012-жылы жайында келген:

- Бул балдардын колунан ушундай нерсе келет дегенге ишене албайм. Жок, колунан келбейт. Кандайча, кантип болгонун эч ким айтпай жатпайбы. Анзор балдарына жакшы тарбия берди. Ким эле жамандык кааласын? Ал дайыма "менин балдарым кыйын, ийгиликке жетишет" деп айтчу.

Царнаевдердин баары жогорку окуу жайды бүтүргөн, жогорку билимдүү болчу. Тамерлан менен Жохардын атасы кесиби боюнча юрист. Бирок ишкерлик менен алектенчү экен. Апасы Зубейдат үй кожойкеси эле.

1987-жылы Тамерлан төрөлгөндө ата-энеси Токмоктогу Сахзавод деген жерде жашачу. 90-жылдардын башында Чеченстанга көчүп кеткенде 1993-жылы Жохар төрөлүптүр. Алар 90-жылдардын ортосунда Чеченстанда башталган согуштан качып, Кыргызстанда беш жылдай туруп, 2001-жылы Дагестанга чыгып кеткени маалым.

Бир тууган Царнаевдер марафон учурунда
Бир тууган Царнаевдер марафон учурунда
Царнаевдер Сахзаводдо жашап жаткан кезинде кошуна болуп алака-катыш кармап жүргөн Азиз Батукаевдин иниси Мовсар Батукаев менен анын жубайы Раиса Кааева балдарды бирөө алдап койду деген пикирди карманышат:

- Баланы кандай тарбияласа, ал ошондой болуп өсөт. Булар балдарын жакшы тарбиялашчу. Мен бул жаңылыкты укканда ыйладым. Ачыгын айтсам, бул балдарга боорум ооруп турат. АКШ карама-каршы маалыматтарды берип жатат: Тамерланга стипендия берилиптир, ал боксер болгону жатыптыр, анын келечеги кең. Анан ал кантип жардырып салат? Жок, бул чын эмес. Бул балдарга жасалган карасантай иш, аларды алдап коюшту. Царнаевдер болбосо АКШнын бийлиги Борбор Азиядан, же Кавказдан чыккан башка бирөөлөрдү айтып коймок. Балдар спортсмен болгондон кийин марафонго келишти да. Алар террорист болуп келди деп мен ишенбейм. Балдар мындай нерседен алыс.

Тамерлан менен Жохардан башка Анзор Царнаевдин дагы эки кызы бар.
Токмоктуктар Царнаевдер тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

XS
SM
MD
LG