Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Кумарканаларга кайрадан уруксат берилеби?


Кумарканалардын жабылышына каршы өткөн митингден бир көрүнүш
Кумарканалардын жабылышына каршы өткөн митингден бир көрүнүш

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кумар оюндарына кайрадан уруксат берүү демилгесин көтөрүүдө.

Буга байланыштуу мыйзам долбоордун авторлору казинолордон түшкөн каражат Бишкек шаарын өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого жумшаларын белгилеп жатышат.

Айрым каршы чыккандар бул мыйзам долбоордун артында акчалуулар, казино ээлери тураарын белгилешүүдө.

Кумарканаларга кайрадан уруксат берүү боюнча мыйзам иштеп чыгуу демилгесин Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Замир Бекбоев менен Игорь Гусаров көтөрүүдө. Бекбоевдин айтымында, казинодон түшкөн каражаттар Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга, жолдорду оңдоого жумшалмакчы. Ал эми кумарканага киргизилбесин дегендердин өзүнчө кара тизмеси түзүлөт экен.

- Шаар жолдорунун абалын көрүп жатасыздар. Азыр республикалык бюджетте да, шаардын бюджетинде да акча жетишпейт, буга акча жакшы бөлүнбөйт. Башка-башка мүмкүнчүлүк жок экен. Ушул себептүү, казинодон түшкөн каражат шаардын инфраструктурасына жумшалсын деген демилге көтөрүп жатабыз. Туура, көптөр каршы чыккан. Мен деле ошолорго кошулам, балдардын кумарканаларга киришине каршымын, аларды кумар оюндарынан алыс кармаш керек. Бирок балдар казинолорго кирбейт да. Казинодо ойноп жүргөн кишилердин 90 пайызы чет өлкөдөн келген туристтер.

Кыргызстанда кумарканаларга 2012-жылдын январынан тарта тыюу салынган болчу. Бирок ошол мезгилден бери эле бир катар казинолордун көмүскө иштеп жатканы аныкталган. Айрымдар букмекердик контора деген аталышты жамынып, кумар оюндары дагы деле жашыруун ойнотулуп жатканын айтып келишет.

Ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон өкмөттүн айрым мүчөлөрү кумарканаларды жабуу менен өлкө бюджети калың каражаттан кол жууй турганын айтып чыгышкан эле. Бекбоевдин белгилешинче, казино жана оюн автоматтарына тыюу салынгандан бери өлкө бюджети 650 млн. сомго чукул каражаттан куру жалак калыптыр.

Анткен менен миллиондор айланган кумарканаларга бийлик бутактарында отурган айрым күркүлдөр ээлик кылаары тууралуу да аңыз кеп тараган. Кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча мыйзамдын демилегечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов бул мыйзам долбоордун артында акчалуулар, казино ээлери турарын “Азаттыкка” белгиледи.

- Бюджетти, өкмөттү ойлоп атабыз деп айтып жатышпайбы. Каяктагы бюджет, алар эң биринчи өзүнүн чөнтөгүн ойлоп жатышат. Корейлер иштеткен “Сан клуб”, кыргыз-орустар биргелешип иштеткен “Деленжер” деген казинолордун кожоюндары сунуштап жатышат деген сөздөр бар. Алар биздин кесиптештерди кызыктырып койду да.

Кумарканалардын жабылышына каршы нааразылык акциясы, 29-сентябрь, 2011
Кумарканалардын жабылышына каршы нааразылык акциясы, 29-сентябрь, 2011
Кумар оюндарынан жапа чеккендердин жакындары менен жарандык коомдун активисттери да кумарканаларды жабуу талабы менен 2011-жылы бир катар акцияларды өткөргөн эле. Алардын катарында кумар оюндарынан жакыны жабыркаган Гүлмира Бообекова бар болчу.

- Менин агам 50 жашта. Өзү бала-чакалуу, келин алып, кыз берген. Жакшы жерде иштейт, бирок беш-алты айда казиного кирип кетет. Берилип кеткен. Чоң кишини уруша да албайт экенсиң. Киргенде да машина сыяктуу чоң нерселерди коёт. Апам да карып калган, аны кыйнап бүттү. Бир жолу түндө өзүн асып алам деген жерден кармап калышыптыр.

Бул кумар оюнуна берилген тагдырлардын бирөө гана. Мындайлар өлкөдө ондоп саналат.

Анткен менен экономист Искендер Шаршеев бул тыюудан соң ички дүң продукциянын көлөмү өлкөдө кескин түшүп кеткенин белгиледи. Ал казинолорду мыйзамдын чегинде, катуу көзөмөлгө алып ачып койгон эле туура деп эсептейт.

- Казинолорго расмий уруксат берилген 2008-жылдан тартып бюджетке дээрлик миллиард сомго чейин каражат алып келген. Ал эми ички дүң продукцияны алганда 2-3 млрд. сомдой эркин акча кирген. Тыюу салынгандан тартып ички дүң продукция кескин түштү. Ошондуктан мыйзам чегинде катуу көзөмөлгө алып, кыргыздардын кирүүсүнө тыюу салып, чет жактан келгендерге уруксат берсе болот.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова да казино жабылсын деп нааразылыкка чыккандардын бири. Ал кыргыз бийлиги жок дегенде он-он беш жыл кумар оюндарына уруксат бербей турса дейт.

- Ак менен караны, жаман менен жакшыны жаштар ажыратып, мамлекет бир аз оңолгон учурда балким он-он беш жылда кайра казинолорду ачып жиберет эле. Ал эми азыр бюджетке акча жетпей атат деген шылтоо менен кайра ачканы туура эмес. Бул коомго абдан зыян алып келчү маселе.

Азыркы мыйзам боюнча көмүскө казино жана оюн автоматтарын иштеткендер 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейин кумарканаларды таптакыр жаап салуу мүмкүн эместиги, алардын ишин заманбап жолго салуу жана ордо калаадан алыс, өнүкпөгөн, шарты катаал аймактарга жылдыруу сунуштары да айтылган.

XS
SM
MD
LG