Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Кыргыз-тажик чегинде кайрадан чыр чыкты


Ак-Сай - Көк-Таш жолунун курулушун күзөтүп турган чек арачы. Баткен, 11-январь, 2014.
Ак-Сай - Көк-Таш жолунун курулушун күзөтүп турган чек арачы. Баткен, 11-январь, 2014.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, эки өлкө аскерлери атыша кетти.

Окуя Баткендин Ак-Сай айыл аймагына караган Тамдык деген жерде бүгүн түшкө жуук болгонун "Азаттыкка" адегенде жергиликтүү тургундар кабарлашты. Кийинчерээк Чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларын ортосунда куралдуу кагылыш болгонун тастыктады. Аталган кызмат тараткан маалыматта чыр тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыкканы айтылат.

Расмий маалыматка караганда, бүгүн Ворух тажик анклавынын 30 чакты тургуну Кыргызстандын аймагындагы Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары бул аракеттин мыйзамсыз экенин эскерткен учурда кошуна жарандар таш атышкан. Эскертүү иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Буга жооп иретинде аталган аймакка жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары да кыргыз тарапка ок аткан. Натыйжада кыска убакытка созулган кагылыш чыккан.

Алдын-ала маалымат боюнча, окуядан кыргыз тараптан жараат алгандар жана жабыркагандар жок.

Ал эми “Азаттыктын" тажик кызматы болсо Исфара РИИБинин маалыматына таянып, бул кагылыштан бир тажик жараны мерт болуп, бешөө жаракат алганын жазып чыкты.

Исфара районунун Чорку жамаатынын төрагасы Негмат Алимов окуя тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына буларды айтты:

- Ал жерде канал бар. Ал эл аралык гранттарга курулган. Биздин адамдар ошону тазалаганы баратышкан. Бирок кыргыз чек арачылары бул жер талаштуу аймак экенин айтып, ишти токтотууну талап кылышкан. Биздин тургундар болсо ал аймак Тажикстанга карайт дешкен. Ортодо чыр чыгып, аскерлер тургундарга ок чыгарышкан. Натыйжада 1 адам набыт болду, жетөө жаракат алган.

Жарадарларды алгач кабыл алган Ворухтагы атын атагысы келбеген врач болсо буларды айтты:

- Мен окуя кандай болгонун өз көзүм менен көргөн жокмун. Мага адамдарды ооруканага алып келишти. Бирөө октон ажал тапкан. Жарадар болгондорду мен Исфарадагы (райондун борбору) ооруканага жибердим.

Бул окуядан соң Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары Баткен - Ак-Сай жолун бууп алышканын аймактагы кабарчыбыз кабарлады. Бул жол аталган тажик айылын аралап өтөт.

Ушул эле күнү түштөн кийин Тамдык чек ара бекетине тажик чек арачылары экинчи жолу ок атканы кабарланды. Кыргыз чек ара кызматы анда коңшу өлкө чек арачылары гранатомет жана минометтон ок чыгарганын билдирди. Учурда ок атышуу токтоду. Жараат алгандар тууралуу маалымат такталууда. Бул окуяга байланыштуу чек араны кайтаруу күчөтүлгөн режимге өттү. Кыргыз чек ара кызматы бул окуя бардык эл аралык укукка каршы келээрин эскертүүдө.

Бүгүн Баткенде Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш жолунун курулушу жанданаары күтүлүп жаткан. 3-июлда кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү кол койгон протоколго ылайык, жолду куруу үчүн талаш жаратып келген 70 сотых жерде тажик аскерлери чыгарылып кетмек. Бирок аскерлер алиге чейин чыгарыла электиги кабарланды. Кыргызстандын коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев бул жолдун курулушун жандантуу иш-чарасына катышуу үчүн бүгүн Баткенге барган.

Дал ушул жолдун курулушу быйыл жыл башында чоң чырга себеп болгон. 11-январда эки өлкө чек арачылары атыша кетип, Кыргызстандын беш чек арачысы, бир милиция кызматкери жана Тажикстандын үч чек арачысы жараат алган. Ошондон бери чек арадагы бул аймакта абал тынчыбай, чыр-чатактар токтобой келет.

XS
SM
MD
LG