Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ИМ тобу балдарды бутага алууда


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери буга чейин "орусиялык тыңчы" делген эки адамды кичине балага аттырганы тууралуу видео тараган.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери буга чейин "орусиялык тыңчы" делген эки адамды кичине балага аттырганы тууралуу видео тараган.

Бириккен улуттар уюму Сирия менен Иракта согушуп жаткан "Ислам мамлекети" тобун балдарды жанкечтиликке түртүп жатат деп айыптады.

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети "Ислам мамлекети" согушкерлер тоб Иракта балдарды ар кандай жолдор менен эксплуатациялап жаткандыгы айтылган отчетун 4-февралда жарыялады.

Анда уюм Иракта куралдуу топтор, өзгөчө "Ислам мамлекети" тобу балдарды ар кандай максаттарга колдонуп, айрыкча сексуалдык зомбулук көрсөтүп жатканына терең тынчсыздануу билдирген.

Отчетко ылайык, аталган топ майып, көчөдө калган, качкын жана Сирия менен Түркиядан Иракка келип калган балдарды бутага алып жатат.

Документте "Ислам мамлекети" тобу езиддердин, христиан динин тутунган азчылыктардын гана эмес, шииттер менен суннилердин балдарын да тузакка түшүрүп жатканы белгиленет.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкери балдарга курал колдонгонду үйрөтүүдө
"Ислам мамлекети" тобунун согушкери балдарга курал колдонгонду үйрөтүүдө

Былтыр жайында Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын өз көзөмөлүнө алгандан бери ИМ диний азчылыктардын миңдеген өкүлүн өлтүрүп же көчүп кетүүгө мажбурлады. Согушкерлер езид азчылыгынан жүздөгөн аялдарды жана кыздарды кармап, зордуктап, кыйноого алууда. Зомбулукка кабылгандардын айрымдары бул кордукка чыдабай өз жанын кыйган.

Комитеттин эксперти Рената Уинтер азчылыктын балдары базарларда кадимки товардай бааланып, кулчулукка сатылып жаткандыгын белгиледи.

Уинтер 4-февралда Женевадагы пресс-конференцияда кабарчылардын суроолоруна жооп берип, ИМ Иракта балдарды жанкечтиликке да пайдаланып жатканын билдирди. Бул максатка колдонулгандардын арасында майып жана ата-энелери же туугандары сатып жиберген балдар да бар.

Сириялык аял балдары менен
Сириялык аял балдары менен

Уинтердин сөзү боюнча, акыл-эси жайында эмес балдар кайда барып, эмнеге өз жанын кыйып, башкаларды өлтүрүп жатканын түшүнбөшү деле мүмкүн.

Документте айтылгандай, согушкерлер ИМ тобунун турак жайларын абадан сокку уруудан коргоо үчүн балдарды калканч катары колдонуп жатышат.

"Мосулда 12 жаштагы балдар аскердик машыгуудан өткөн. ИМ аларды бомба чабуулун жасоого үйрөтүп, текшерип өткөрүү бекеттеринде кайгуул катары коюп, атургай адамдарды барымтага алууда жардамдашууга колдонуп жатат" деп айтылат отчетто.

ИМ Сирияда жана Иракта балдарды согушка машыктырып, аларды жанкечти чабуулдарга колдонгондугун жашырбайт деле.

Сириянын Хомс шаарындагы талкаланган үйдүн жанында отурган балдар
Сириянын Хомс шаарындагы талкаланган үйдүн жанында отурган балдар

Уинтер белгилегендей, интернетте сегиз жаштардагы балдардын аскердик машыгуудан өтүп жаткандыгы тууралуу тасмалар чыккан. Алардын биринде казакча сүйлөгөн балакай орусча сүйлөгөн эки кишини атып өлтүргөнү көрсөтүлгөн. Ошондой эле казак балдардын машыгуусу тууралуу да видео болгон.

Интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда бычак, курал кармаган, аскердик кийим кийген балдардын сүрөттөрүн көп көрүүгө болот.

Ошол эле убакта балдарды ИМ эле колдонгон жок. Отчетто белгиленгендей, Ирак өкмөтүн колдогон куралдуу топтор да балдарды аскерге алышат. Анын ичинде Ирактагы сириялык балдарга мекенине кайтып, Эркин Сирия армиясынын катарында согушууга кысым көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG