Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Иштейм деп барып, абакка түшкөндөр


Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. Орусия, 2013-жыл.
Москванын райондорунун бириндеги убактылуу кармоочу жайдагы мигранттар. Орусия, 2013-жыл.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, чет өлкөлөрдө эркинен ажыратылган кыргызстандыктардын саны 2913 адамды түзөт.

Алардын ичинен 2549у Орусияда, 303ү Казакстанда жана 26 жаран Тажикстандын жаза аткаруу мекемелеринде кармалып турат. Мындан сырткары, Кытайда 9 кыргыз жараны өмүрүнүн соңуна чейин абакка кесилсе, бирөө маңзат соодасы үчүн өлүм жазасына тартылган.

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, бул өлкөдө кыргызстандыктар арасында катталган кылмыштардын көбү маңзатка байланышкан.

- Статистиканы карасак, Орусиядагы кыргызстандыктар эң көп маңзат менен кармалышат экен. Көбүнчө биздин жарандар баңгизатты мыйзамсыз сатуу, ташуу жана сактоо беренелери боюнча соттолушат. Мындан сырткары, акыркы убактарда адам өлтүрүү, талап-тоноо, зордуктоо сыяктуу кылмыштар да көбөйүп баратат.

Аскат Алиев
Аскат Алиев

Алиев кошумчалагандай, учурда Орусиядагы кыргызстандык кылмыштуу топтор арасында да тиреш күчөгөн. Ал буга соңку күндөрдө эле катталган талап-тоноо, атышуу сыяктуу окуяларды мисал тартты.

Чет жердеги кыргызстандыктар арасында кылмыштуулуктун көбөйүшүнө өлкөдөгү жумушсуздук маселеси да себеп. Мындай пикирин ИИМдин мурдагы башчыларынын бири Болот Ногойбаев билдирди. ​

- Кылмыш жасагандардын саны жумушсуздукка, социалдык абалдын начардыгына байланыштуу өсүп жатат. Бирок Орусияда баңгизат менен кармалгандардын ичинен кыргыздарга караганда, биздин өзбек, тажик жарандар көбүрөөк. Орусиядагы кармалгандар жеңил жол менен акча табууну көздөшөт. Маселен, Ооганстанда героиндин килограммы миң доллар болсо, ал Орусияга жеткенде 30 миң долларга чаап барат.

Орусияда баңгизат менен кармалгандардын көч башында Борбор Азия боюнча тажик жарандары турат. Өзбек, казак жарандары да кыргызстандыктар сыяктуу эле эң көп баңгизатка байланышкан кылмыштар менен кылтакка илинишет.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова чет жерде соттолгон кыргыз жарандарынын айрымдары ошол өлкөнүн тилин, мыйзамдарын билбегендиктен бейкүнөө жазага тартылып жатканына кейийт. Ал чет жерлердеги өз жарандарын коргой албай жаткан бийликти сынга алды.

Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

- Орусияда канчалаган адамдар бейкүнөө кармалып жатат. Кармалгандан кийин эле дайыны чыкпай калат. Анткени адвокат жалдаганга акчасы жок. Укук коргоочу уюмдар алардын укуктарын коргойлу десе, орус бийлиги аларды "чет элдик агент" деген мыйзамы менен кысымга алып жатат. Негизи бул жерде эл аралык мыйзамдар иштеши керек. Кыргызстан аталган өлкөлөр менен келшими түзүп жарандарын өз өлкөсүндө жоопко тартышы кажет. Тилекке каршы, өкмөт чет жердегини кой, бул жакта соттолгондордун укугун коргой албай жатат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдө эмгек көчмөндүгүндө жүргөн кыргызстандыктардын саны миллионго жакын. Алардын 600 миңден ашыгы Орусияда болсо, 150 миңдейи Казакстанда экени айтылып келет. Адистердин баамында, жумушсуздук маселеси чечилмейин кылмыш кылгандардын саны азайбайт.

XS
SM
MD
LG