Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

"Кара тизмедеги" айрым жарандар 20-июлдан тарта Орусияга кире алат


Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесине" кирип, 3 жылга депортацияланган 49 миң кыргызстандык жаранга 20-июлдан тарта кайра Орусияга барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Федералдык миграция кызматы чектөө алып салынган кыргызстандыктардын аты-жөнүн атайын тизме менен жарыялайт. Бул үчүн www.fms.gov.ru сайтына кирип, маалымат алса болот.

Ал эми 5 же 10 жылга депортациялангандарга мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес.

30-июнда Кыргызстандын элчилиги менен Орусиянын Федералдык миграция кызматы мыйзам бузганы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө тыюу салынган кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча макулдашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG