Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

"Саманчынын жолу" кайрылып келди


"Саманчынын жолу" кайра кайрылып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Марат Козукеев сахналаштырган спектаклден үзүндү

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектакли кайрадан коюлду.

Театр күйөрмандарынын көбү аталган драманы азыркы замандагы алдыңкы режиссерлордун бири Марат Козукеев жаңы өңүттө сахналаштырганына ыраазы. Ошол эле учурда кайрадан коюлган спектаклди мурдагыга салыштырып, жактырбагандар деле бир топ.

Театр күйөрманы Каныкей Жакыпова мурдагы режиссер тарабынан коюлган “Саманчынын жолу” спектаклин буга чейин да бир нече жолу көргөн экен. Маектешибиз, эң башкысы, аталган драмада козголгон маселелер азыр да актуалдуу бойдон калганын, чыгарманы азыркы режиссерлордун алдыңкысы Марат Козукеев жаңы өңүттө сахналаштырганын айтты:

- Ушул спектаклдин жүрушүндө айтылып жаткан Жер эненин: “ Эй адамдар, силер бири-бириңерге залал келтирбей жашай албайсыңарбы...”- деген маанидеги сөзү азыркы жаш муундарга чоң эскертүү. Себеби адамдар азыр да акыл-эси жетип туруп, эмне кыларды билбегенден улам согушка барып атпайбы... Айтор, денени дүркүрөткөн ар кандай окуялар болуп атат. Бул спектакль ошолорго айтылган эскертүү. Демек жаш өспүрүмдөр адамгерчиликти, ыймандуулукту кетирбей жашасын деген кеп. Башкача айтканда, Айтматовдун “Адам уулу канткенде адам болот?” - деген улуу чакырыгын ушулар улап жаткандай болот.

Каныкей Жакыпованын айтуусунда, спектаклдеги жаңы өңүт - мында режиссердун окуяларды көрүүчүлөргө карапайым турмуштагыдай, жөн-жай жеткиргенге умтулганы. Спектаклге негизинен жаштар көп келген экен. Алардын бири, бул спектаклди биринчи жолу көрүп жаткан муундун өкүлү Алишер Кубанычбек уулу өзүнүн чыгармадан алган таасирин мындайча бөлүштү:

- Чыңгыз Айтматов бул чыгарманы жөн эле жазган эмес да. Адамдардын согуш убагында кандай кыйынчылыкта болгонун, кандай сезимди башынан кечиргенин таамай чагылдырган экен. Согуштун кандай болорун театрды көргөндөн кийин түшүндүк.

Маектешибиздин жанында турган Бекназар Бакыт уулу да сөзгө кошулду:

- Чынын айтсам, буга чейин театрга келген эмесмин. Бүгүн биринчи жолу театрга келип аябай толкунданып, аябай башкача сезимдерге туш болдум. Менимче, театр деле жетчү адамга жетет окшойт. Мага чынында өтө катуу таасир берди. Азыр “Саманчынын жолун” көрүп отуруп, кантип ыйлаганымды билбей калдым. Көрсө, театрга көп келип туруш керек экен.

Анткен менен улуу муундун айрым маданият өкүлдөрү Марат Козукеев койгон “Саманчынын жолу” спектакли мурдагыга салыштырмалуу көркүнө чыкпай калды деген ойдо экен. Акын Жаңыл Бердигулова Толгонайдын образын Даркүл Күйүковадай эч ким аткара албайт деп эсептейт:

- Мен Күйүкова эженин Толгонайды ойногонун көп көрдүм. Чындыгында ал сахнага чыкканда эле биздин ыйлагыбыз келчү. Бирок бул жолу андай болгон жок. Мүмкүн, замандын өзгөрүүсү таасир этттиби, билбейм. Бул жерде балдар кыйкырык, ызы-чуу менен коштоп көрүштү. Биз болсо ыйлаганга чейин барып, бирок ыйлай алган жокпуз. Азыркы артисттердин ал убактагыга караганда айырмачылыгы бар экенин да көрдүк.

Алгачкы жолу аталган спектаклди режиссер Медербек Назаралиев сахналаштырып, бет ачары 1966-жылы Орус драма театрынын сахнасында өткөн экен. Анда Толгонайдын образын СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова жараткан. Спектакль кыргыз драма театрынын репертуарында жыйырма жылдай жүрүп, миң ирет коюлганы айтылып келет. Кыргыз академиялык драма театрында кайрадан сахналашкан спектаклдин миң биринчи жолку коюлушу да аншлаг менен өттү.

Толгонайдын образын КРдин эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева жараткан.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театры быйылкы 90-театралдык сезонуна “Ажал менен таймаш”, “Саманчынын жолу”, “Бакбергендин балпайган бактысы” аттуу үч спектаклдин бет ачарын даярдаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG