Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Иран шиит диниятчысынын өлүмүнө ачууланды


Тегеранда Сауд Арабиянын элчилигине чабуул жасалды, 3-январт, 2015
Тегеранда Сауд Арабиянын элчилигине чабуул жасалды, 3-январт, 2015

Нимр Бакр ал-Нимрдин өлүм жазасына тартылышына нааразылар Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кирип барып, кара май куюлган бөтөлкөлөрдү жандырып, имаратка ыргытышты.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи белгилүү шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимрди өлүм жазасына тартканы үчүн Сауд Арабияга "кудайдын каары тиет" деп эскертти. Аятолланын айтымында шиит аалымы исламдагы сунни багытын карманган сауд бийлигине карата оппозициялык көз карашта болгону үчүн жазаланды. Бул үчүн Жакынкы Чыгыштагы шиит коомдорунун каршылык акциялары чыгып, Тегеранда Сауд Арабиянын элчилигине чабуул жасалды. Ирандын президенти Хасан Роухани элчиликке кол салууну айыптап, ага катышкандарды жазалоого чакырды. Бирок ошол эле кезде Нимр Бакр ал-Нимрди өлүм жазасына тартууну адам укугун бузуу жана ислам баалуулуктарына туура келбеген көрүнүш деп атады.

Иранда Сауд Арабиянын элчилигин өрттөштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Шейх Нимр​ ким болгон?

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи “твиттер” баракчасына Сауд Арабиядагы шиит аалымы Нимр ал-Нимрди адамдарды колго курал алууга жана кандайдыр бир кутумчулукка чакырган эмес болчу деп жазып чыкты. “Анын жалгыз күнөөсү башкаруучу режимди катыра сындаганында жана анын канына зобун болгон Сауд Арабия башчылары бул үчүн жооп берет” деп билдирди аятолла Хаменеи. Шейх Нимр деген ат менен таанымал бул диниятчы 2011-жылы шииттердин сауд өкмөтүнө каршы митингдерин колдоп, коомчулукка белгилүү болгон. Сауд Арабиясы менен ондогон жылдардан бери чыңалган мамиледеги Иран ошондон бери Нимрдин тагдырына көз салып турган. Аны менен бирге ишемби күнү 46 адам өлүм жазасына тартылды. Ирандын тышкы иштер министрлиги Эр-Риядга нааразылык нотасын тапшырып, Сауд Арабиянын дарегине ачуу тил тийгизген жооп кайтарды. Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи шиит диниятчысынын өлүм жазасына тартылышына каршы төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Түз жолдо жүрүп, акты ак, караны кара деп таамай айтып келген диний аалымды өлтүрүү чынында эле эң чоң кылмыш. Бейкүнөө адамдын канын төгүү менен аны азапка салышты. Бул өтө чоң күнөө. Бул абдан жаман жоболоңдуу жорук. Анткени бул кан үчүн өч алуу болбой койбойт. Буга мен эч күмөн санабайм. Сауд мамлекетинде мына ошондой чечим кабыл алгандар бул кан алардын кайгысынын каны болору жана бул аларды өмүр бою кыйнай турганын баалабай жатышат.

Мына ошондой кайрылуудан соң шиит аалымы Нимрдин өлүм жазасына тартылышына каршы топ Тегерандагы Сауд Арабиясынын элчилигине кирип барып, кара май куюлган бөтөлкөлөрдү жандырып, имаратка ыргытышкан. Бул боюнча кыркка чукул адам камакка алынганы кабарланды. Тегерандагы бул элчиликке алып барчу көчөгө ошол эле күнү шейх Нимрдин аты коюлду. Ошол эле кезде шииттер көп жашаган Сауд Арабиясынын чыгышында, Иракта, Бахрейнде жана Жакынкы Чыгыштын башка бир катар өлкөлөрүндө ал-Нимрдин өлүм жазасына тартууга байланыштуу каршылык акциялары болду.

Өч алууга ташталган чакырыктар

Сауд Арабиясынын Тегерандагы элчилигине чабуулду президент Хасан Роухани айыптап чыгып, имарат Иран Ислам республикасы тарабынан диний жана укуктук жактан корголууга тийиш деп билдирди. Ошол эле кезде Роухани шейх Нимрдин өлүм жазасына тартылышын ислам баалуулуктарына жат көрүнүш катары айыптады. Сауд Арабиясы расмий Тегеранды шииттик багыттагы террорчулукту колдойт деп сынга алды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Сауд Арабиянын бул жосунсуз жоругу эми кымбатка турарын айтып, өч алуу ниетин жарыялаган. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялаган билдирүүдө шиит аалымынын өлүм жазасына тартылышы дүйнөдө мусулмандарды бөлүп-жарууга жеткирчү алдын ала даярдалган кутумчулук деп айтылган. Иракта белгилүү диниятчылар жана коомдук-саясий ишмерлер расмий Багдадды Сауд Арабиясы менен мамилени үзүүнү талап кылды. Ирактын өкмөт башчысы аль Хайдер Абади шейх Нимрдин өлүм жазасына тартылышын аймактык коопсуздукка кедергисин тийгизе турган көрүнүш катары баалады.

XS
SM
MD
LG