Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Британ референдумунун экономикалык кесепеттери


Британиядагы референдумдан кийин британ фунтунун наркы 30 жылдан берки эң төмөнкү курска кулап түштү.
Британиядагы референдумдан кийин британ фунтунун наркы 30 жылдан берки эң төмөнкү курска кулап түштү.

Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечими дүйнөлүк экономиканы олку-солку абалга такап, баарынан туруктуу улуттук валюта саналган британ фунтунун наркы 30 жылдан берки эң төмөнкү курска кулап түштү.

Дүйнөлүк баалуу кагаздар рыногуна Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечими узакка созулчу туруксуздук алып келчүдөй. Ири инвесторлор алдагандай болуп кетет деп британ фунтунан чочулап, каражатын АКШ доллары менен жапон йенине которо баштады. Bank of England, же Англия банкы финансылык олку-солку абалды жөнгө салуу аракетинде 250 миллиард фунт камдап койгонун кабарлады.

Соңку жылдары дүйнөдөгү эң туруктуу валютага айланган британ фунту жума күнү 1985-жылкы деңгээлге чейин төмөндөп, 10 пайызга арзандап кетти, түшкө маал бир аз турукташа баштады. Евронун куну бул күнү 4 пайызга төмөндөдү. Мындан аркы экономикалык кесепеттер дагы кандай болорун эч ким так айта албайт.

Азыркы заманда бир өлкөдөгү экономикалык кризис эч кимди кыйгап өтпөйт эмеспи, эксперттер кырдаал тез эле оңолоруна үмүт артышат, дейт "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун серепчиси Чарльз Рекнагел.

Жума күнү Лондондогу биржалар ачылаар замат, алдыңкы британ акцияларынын наркы 16 пайызга арзандады
Жума күнү Лондондогу биржалар ачылаар замат, алдыңкы британ акцияларынын наркы 16 пайызга арзандады

- Экономисттердин көбү Евробиримдик Британиянын өз алдынча кетишинен башында сөзсүз кайсы бир деңгээлде зыян тартат деп ишенишет. Бирок эки тараптын ортодогу эркин соода жүргүзүү, элдин эркин каттамы, акча каражаттардын эркин агымы өңдүү жалпы кызыкчылыктары ушунчалык терең чырмалышып кеткендиктен, алгачкы шоктун таасири бара-бара басаңдап, Британия менен Евробиримдиктин экономикасы бат эле кайра күчтөнөт деп эсептешет.

Эмнеси болсо да, дүйнөдөгү эң чоң соода базары – 500 миллиондой жашоочусу бар, экономикалык жактан эң кубаттуу күчкө айланган Еврошаркет буга чейин болуп көрбөгөндөй жагдайга туш болуп, азырынча Британиядагы референдум биринчи кезекте Британиянын өзүнө, Евробиримдикке жана жалпы глобалдык экономикага сөзсүз таасир этээрин так айта алабыз.

Жакшы жагы - Британия Биримдиктен эртең эле чыгып кетпейт, референдумдун жыйынтыгын ишке ашыруу жараяны жок дегенде эки жылга созулат. Азыркы кырдаалдан кайсы тарап пайда көрүшү мүмкүн? – деген сурообузга серепчибиз Чарльз Рекнагел кыска мөөнөттө пайда көрчүлөрдү атай кетти:

- Пайдасын инвесторлор кайсы тарапка качса, кимдин валютасы күчтүү болсо, ошолор көрөт. Азырынча инвесторлор Швейцария франкына, АКШ долларына жана жапондордун йенине көчүп атканы кабарланууда. Негизинен евродон тышкаркы аймактарга которушат го каражатты.

Жума күнү Лондондогу биржалар ачылаар замат, алдыңкы британ акцияларынын наркы 16 пайызга арзандады, Франкфурт менен Париждеги баалуу кагаздар баасы 10 пайыздын тегерегинде ылдыйлады.

Эгерде айрым эксперттердин прогноздору ырасталып, Британиядагы экономикалык төмөндөө улана турган болсо, Лондон жана башка британ шаарларында иш жүргүзгөн JPMorgan, Citigroup өңдүү ири эл аралык банктар жана башка компаниялар далай жумуш орундарын Европадагы башка шаарларга - Франкфурт, Париж, Дублин, Амстердамга көчүрө турганын эскертишкен.

Британиянын ЕБда калуусун үгүттөгөн ыктыярчы. Лондон. 23-июнь
Британиянын ЕБда калуусун үгүттөгөн ыктыярчы. Лондон. 23-июнь

Британиялык финансисттер экономиканы турукташтыруу үчүн өкмөт банктардын үстөк пайызын жогорулатууга, калктан чогултулчу айрым салыктарды көтөрүүгө аргасыз болорун айтышкан. Алардын оппоненттери Британия азыр Евробиримдикке кошуп аткан жылдык 19 миллиард долларды Брюсселдеги бюрократтарга жумшагандын ордуна карапайым калктын муктаждыктарына сарптай алат деп белгилешкен.

Референдумга даярдыктар башталганда эле Евробиримдиктен чыгуу экономикага кандай сокку урушу мүмкүн деген көлөмдүү изилдөөлөр жарыяланган. Шаркеттен чыгууга үгүттөгөн британ саясатчылары эгерде референдум алар каалагандай болуп калса, Евробиримдик менен азыркыдан пайдалуу келишимдерге жетишебиз деп убада кылышкан.

Брюсселдеги жетекчилер, Евробиримдиктин Ангела Меркел өңдүү башкы лидерлердин андай болбойт, башка да мүчө мамлекеттерди Шаркеттен чыгууга түртмөлөгөн популист кадамдарга барбайбыз деген жооптору көңүл сыртында калган. Эми британ экономикасына жана глобалдык экономикага бул чечим кандай таасир этээрин алдыдагы айлар эмес, жылдар көрсөтөт.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG