Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Муфтийлерди "убара" кылбаган президенттер


Бүт мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Орозо айт майрамы ар башка өлкөдө бир күн айырма менен белгиленүүдө. Кыргызстан, Казакстан жана Орусия айтты 5-июлда майрамдаса, ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда айт 6-июлда белгиленет. Кыргызстанда быйыл Бишкектин тургандары айт намазын Жеңиш аянтында, ал эми Оштун тургундары адаттагыдай эле борбордук аянтта окушту.

Кыргызстанда бир ай бекилген ооз 5-июлда ачылып, айт намазы окулду. Бирок айт кайсы күнгө туш келери акыркы убакытка чейин белгисиз болуп турду. Мунун айынан социалдык тармактарда айт күндү 5-июлда майрамдайлыбы же 6-июлдабы деген суроонун тегерегинде кызуу талкуу жаралды. Айрымдар жоопкерчиликти Кыргызстандын муфтийине артышса, башкалар өз бетинче кетип, орозону 6-июлда токтоторун жарыялашты.

Кошуна мамлекеттерде айт күн боюнча Кыргызстандагыдай талаш-талкуу дээрлик жок. Меселен Өзбекстанда айт күнүн муфтий эмес, президент аныктайт. Өзбек президенти Ислам Каримов муфтийлерди ай каратып убара кылбайт. Ал Орозо аяктарына бир апта калганда айт күнүн белгилеген жарлык чыгарат. Айт намаздарды да укук коргоо органдары көзөмөлдөп турушат.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын журналисти Сражиддин Исламдын айтымында, өзбек бийлиги диний иш-чаралар светтик баалуулуктарды басып түшүүсүнө жол бербей турат дейт.

Өзбекстанда элдин борбордук аянттарга чыгып намаз окуусуна тыюу салынган.

- Өзбекстанда айт күндүн качан болорун президент өзүнүн жарлыгы менен бир апта мурун элге жарыялайт. Калк ошол жарлык боюнча айтты майрамдайт. Өзбекстанда элдин борбордук аянттарга чыгып, намаз окуусуна тыюу салынган. Айт намазы да башка намаздардай эле мечиттерде окулат. 1999-жылда Ташкенттеги жардыруулардан кийин балдарды чочутуп, элдин тынчын алып ден соолугуна зыян келтирет деген жүйө менен мечиттердеги үн күчөткүчтөрдү алдырып салган. Президент айт намаздарына чыкпайт.

Казакстанда да айт майрамы 5-июлда белгиленди. Бирок казак бийликтери айт күндүн качан экенин ай башында эле 5-июль деп бекитип коюшкан. План так сакталып, бүгүн таңда казак президенти Назарбаевдин куттуктоосу бардык мамлекеттик телеканалдардан жаңырды. Бирок бул өлкөдө да айт намаздары борбордук аянттарда эмес, кадимки мечиттерде окулат.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Эрмек Тилегендин айтымында, өлкөдө айт намазын окууга эл көчөгө чыгыша элек.

Казакстандык мусулмандар Курман айт намазын мечитке барып окушат. 2015-жыл
Казакстандык мусулмандар Курман айт намазын мечитке барып окушат. 2015-жыл

- Казакстанда айт намаздарды борбордук аянттарда окууга уруксат берилбейт. Кээде президент Назарбаев айт намаздарын окууга өзү катышып коет. Бирок быйыл ал чыккан жок. Орозо качан башталып, качан бүтөрүн, кадыр түн кайсыл күнү тосуларын, айт майрамы качан болорун дин кызматкерлери орозонун алдынан жарыялашат.

Кошуна Тажикстан да айт күнүн 6-июлда белгиленүүдө. Кыргызстандан айырмаланып, Тажикстанда да айт намазды борбордук аянтта окууга уруксат берилген эмес. Ал тургай мечиттерде үн күчөткүч менен азан чакырууга тыюу салынган. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Тахир Сафаров өлкөдөгү айт майрамы тууралуу буларды айтты:

- Тажикстанда айт күндүн качан экенин муфтий айтка бир апта калганда эле аныктап коет. Эл ошол жарлык боюнча майрамга камынат. Борбордук аянттарда намаз окууга уруксат жок. Ал эми президенттин эл менен бирге айт намазын окуганы учуру эсте жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып айт намазын эл менен бирге мечитте окуп, элди куттуктайт.

Түркмөн бийлиги да айт намаздарын борбордук аянттарда окууга уруксат берген эмес. Түркмөнстандагы быйылкы орозо айынын өзгөчөлүгү түркмөн башынын мечитке барып, атайын чакыртылган адамдарга садага таратканы болду.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жылда айт намазды өзү туулган Арашан айылында окуйт. Учурда Борбор Азиядагы бир да мамлекеттин президенти айт намазын эл менен окубайт. Ал эми Кыргызстанда президент, спикер өкмөт башчы, губернатор жана шаар мэрлеринин айт намазды эл менен бирге борбордук аянттарда отурганы салтка айланып калган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл сайын айт намазга калтырбай катышып келет.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл сайын айт намазга калтырбай катышып келет.

Айт күндү белгилөөнүн айынан Кыргызстанда акыркы он жылдан бери талаш пикирлер токтобой келет. Адистер болсо айт күндүн аныкталышы боюнча талаш пикирлердин чыгышын мусулман дүйнөсүндө кадыр-барктуу бир адамдын же органдын жоктугу менен түшүндүрүп келишет.

XS
SM
MD
LG