Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Гүлен жамааты: сыры жана чыры


Фетхуллах Гүлен (солдо) жана Режеп Тайып Эрдоган.
Фетхуллах Гүлен (солдо) жана Режеп Тайып Эрдоган.

Түркияда болуп өткөн акыркы окуяларга жана төңкөрүш кылуу аракетине байланыштуу жалгыз эле Түркияда эмес, Кыргызстанда да эки ача пикир пайда болууда.

Айрымдар Фетхуллах Гүлен жамааты төңкөрүш кылууга аракет кылды деп түрк бийликтерин колдошсо, башкалар бул окуяларды Режеп Тайып Эрдоган жана анын командасы өзү уюштурду деген көз карашты карманууда.

Болуп өткөн окуяларга байланыштуу ар тараптуу, көз карандысыз, альтернативдүү маалымат алуу үчүн Түркиянын Мамлекеттик коопсуздук сотунун мурдагы прокурору Нух Мете Юксел менен маектештик.

Нух Мете Юксел 1998-жылы Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоганга карата “конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырды” деп иш козгогон. Ал Фетхуллах Гүленге да өз кезегинде “кылмыштуу топ түздү” деген жүйө менен ишин козгогон жайы бар.

Түркияда азыркы учурда тирешип жаткан эки тарапты тең жакшы билген жана өз убагында “темир прокурор” деген атка конгон Нух Мете Юксел "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиз Түркияда Эрдоганга каршы алгачкы жолу 1998-жылы иш козгогон экенсиз. Эрдоганга каршы иш козгоого эмне себеп болгон?

Нух Мете Юксел: Ооба, Эрдоганга карата иш козгогонбуз. 1994-жылы Эрдоган жергиликтүү шайлоолорго катышып, Стамбул шаарынын мэри болуп шайланган. 1997-жылы Сиирт шаарында эл менен жолугушуу учурунда мамлекетик түзүмгө каршы кээ бир сөздөрдү айткан. Ошондой эле ал мезгилде Ататүрккө каршы да пикирлерин жашырган эмес. Эрдогандын сөздөрү жазылган кассеталар да чыккан. Ошол себептен биз Эрдоганга карата иш козгогонбуз. Териштирүүлөрдүн натыйжасында сот Эрдогандын ишин карап чыгып, аны 10 ай түрмөгө кескен. Мэрдин кызматынан да айдалган.

"Азаттык": Түрмөгө отуруп чыккандан кийин Эрдогандын пикири өзгөрдүбү? Эрдоган боюнча сизде дагы эле кооптонуу барбы?

Нух Мете Юксел: Түрмөдөн чыккандан кийинки мезгилди мен териштирбедим. Бирок акыркы мезгилде, өзгөчө аны төңкөрүүгө болгон аракеттен кийин мамлекетчил болуп бара жатканын байкоодомун. Эрдоган Ататүрктүн принциптерине бурулгандай сезилет мага.

Төңкөрүш аракети, 16-июль
Төңкөрүш аракети, 16-июль

"Азаттык": Мете мырза, бийликтеги париянын жана Режеп Тайып Эрдогандын жамаат менен болгон мамилеси эмне себептен бузулду? Баарыбызга белгилүү болгондо, мурдагы учурларда, ошол эле сиз иш козгогон мезгилдерде булардын мамилеси аябай жакшы эле го? Кайсы маселе бул эки тараптын араздашуусуна себеп болду?

Нух Мете Юксел: Менин оюм боюнча бийликке жетүү, башкарууну тартып алуу аракети булардын ортосундагы мамиленин бузулушуна алып келди. Тагыраак айтканда бийлик талашы жана түшкөн кирешени, пайданы бөлүштүрүү маселеси бул эки тараптын ажырашуусуна себеп болду.

"Азаттык": "Гүленчилер" жамааты, диний жолдон жана жамааттын принциптеринен тайганы үчүн Эрдоганга каршы чыкып жатат деп айтууга болобу?

Нух Мете Юксел: Жок, мен таптакыр андай деп ойлобойм. Эки тараптын мамилесинин бузулушуна бул экөөнүн бийлик талашы, бийликке ээ болуу максаттары себеп болду.

"Азаттык": Билесиз, өткөн жылы декабрь айында Эрдогандын айланасындагыларга, өкмөт мүчөлөрүнө карата полиция атайын операцияларды өткөрүп, прокуратура иш козгогон эле. Кийинчерээк кармалгандар бошотулуп, полициячылардын жана прокурорлордун өздөрү жоопко тартылды. Азыркыга чейин Фетхуллах Гүлен жамааты Эрдоган өзүн жана өзүнүн жемкор өкмөт мүчөлөрүн сактап калды деп айтышууда. Чындап эле Эрдогандын жаап жашыра турган нерсеси барбы?

Нух Мете Юксел: Эрдогандын андай иштерге аралашып-аралашпаганы боюнча чечкиндүү кандайдыр бир нерсе айта албайм. Чынын айтсам ал жагын билбейм. Бирок ал маселе боюнча кээ бир көйгөйлөр бар жана өкмөттөгү жемкордук боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүү абзел. Анткен менен, бир нерсени баса белгилеп коюш керек, өкмөттөгү жемкордук боюнча айтылган нерселер мамлекеттик төңкөрүш жасоого себеп боло албайт.

"Азаттык": Юксел мырза, эми төңкөрүш жасады делген Фетхуллах Гүлен жамааты жөнүндө сүйлөшсөк. Өзү бул кандай жамаат? Диний жамаатпы, саясий жамаатпы же болбосо, азыркы учурда түрк бийликтери айтып жаткандай террористтик уюмбу?

Бийликке жетүү, башкарууну тартып алуу аракети булардын ортосундагы мамиленин бузулушуна алып келди.

Нух Мете Юксел: Бул уюм тымызын пайда болгон жана анын лидери Фетхуллах Гүлен өзүнүн колдоочуларына “көбөймөйүнчө, күчтүү болмойунча кыймылдабайсыңар”, “мамлекеттин аскерий түзүмүн жана саясий жетекчиликти өзүңөргө каратасыңар” деп буйрук кылган. Акыркы окуялар менен биргеликте бул жамааттын чыныгы ниети белгилүү болду. Бирок биз буларды мурда эле билгенибиз үчүн буларга каршы иш козгогонбуз.

"Азаттык": Чындап эле бул жамаат мамлекетте төңкөрүш кыла тургандай күчкө ээби? Же болбосо бул жамааттын күчү көбүртүлүп, апыртылып жатабы?

Нух Мете Юксел: Алгачкы мезгилдерде ачык айтышпаса да негизги максаттары саясий эле. Булардын күчү колдоочуларынын көптүгүнөн эмес, саясаттагы таасиринен байкалат. Өзгөчө ички иштер органдарында аябай терең кирип кетишкен. Башкача айтканда булар катардагы шайлоочулар колдогондугу үчүн эмес, аскерий структураларды, коопсуздук уюмдарын, сот системасын, жалпы эле башкаруу түзүмүн колго алгандыгы үчүн аябай күчтүү.

"Азаттык": Азыркы учурда бийлик Фетхуллах Гүлен жамаатынын мүчөлөрүнө карата катуу чараларды көрө баштады. Бул жамаатка жакшы ниет менен кошулган таза жана катардагы мусулмандар да бар эмеспи. Тагыраак айтканда катардагы жамаат мүчөлөрүнүн абалы эмне болот?

Нух Мете Юксел: Бир нерсени баса белгилеп коюш керек. Маселе ушунчалык чекке жеткенден кийин катардагы, түз жүргөн жамаат мүчөлөрү да зыян тартышат. Себеби аябай чоң кырсыктан кутулдук. Аз жерден төңкөрүш болуп кете жаздады. Көптөгөн адамдар өлдү. Мындан кийин жамааттын бардык мүчөлөрү зыян тартышат.

"Азаттык": Азыркы бийликтин Фетхуллах Гүлен жамаатына карата ушул убакытка чейин жүргүзүп келген саясатын кандай деп баалайсыз?

Нух Мете Юксел: Азыркы өкмөт өзү түзүлгөн алгачкы мезгилдерде жамаат менен бирге иштешкен эле. Бийлик азыр “жамаат бизди алдап кетти”, “ички иштер органдарын, полицияны жамаатка берип биз туура эмес иш кылыпбыз” деп бул кетирген катачылыгын эми мойнуна алууда. Бардык нерсе белгилүү болгондон кийин бийлик жамаат менен күрөшө баштады.

"Азаттык": Эмне себептен Фетхуллах Гүлен жамааты төңкөрүштү Режеп Тайып Эрдогандын өзү жасады деп жатат? Кандай далилдери бар?

Акыркы окуялар менен биргеликте бул жамааттын чыныгы ниети белгилүү болду. Бирок биз буларды мурда эле билгенибиз үчүн буларга каршы иш козгогонбуз.

Нух Мете Юксел: Алардын колунда далилдери бар деп ойлобойм. Төңкөрүш жасай албай калган соң жамаат ушундай стратегияны тандап алды жана Эрдоган аскерлерге бул төңкөрүштү жасатты деп айтышууда. Бирок дагы бир жолу айтып койуш керек, Фетхуллах Гүлен кыймылынын негизги максаты динге таянган мамлекет куруу болуп эсептелинет. Кылган иштеринин баары ушул максатты көздөйт. Аскерий түзүмдөрдү, коопсуздук органдарын да ушул максатта ээлеп алышкан.

"Азаттык": Жалгыз эле бийликтеги партия жана Эрдоган эле эмес, оппозициядагы партиялар да бул төңкөрүш жасоо аракетин Фетхуллах Гүлен жана аны ээрчигендер жасады деп жатышат. Оппозициячыл партиялар жана саясатчылар чындап эле Фетхуллах Гүлен жамааты төңкөрүш жасоого аракет кылды деп ишенишеби?

Нух Мете Юксел: Оппозициячыл партиялар төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлен жамааты жасады деп ишенгени үчүн ошол жамаатты көрсөтүп жатышат. Себеби оппозициядагы партиялар жана саясатчылар Фетхуллах Гүленди жана анын жамаатын жакшы таанышат жана көп жылдардан бери Фетхуллах Гүлен Америка Кошмо Штаттарында Түркияга каршы иш аракет жүргүзүп келгенин жакшы билишет. Америкада Борбордук чалгындоо башкармалыгы, башкача айтканда ЦРУ менен биргеликте ишетегенин албетте билишет. Ошол себептен оппозиция бул маселеде чындап эле ушундай пикирге ээ деп эсептейм.

"Азаттык": Орто Азияда, анын ичинде Кырызстанда Фетхуллах Гүлен жамаатына караштуу делген мектептер, жатаканалар, жогорку окуу жайлары жана башка мекемелер бар эмеспи. Азыркы учурда Кыргызстанда бул жамаат боюнча эки ача пикирлер, тынчсыздануулар бар. Сиз кандай деп ойлойсуз? Кооптонууга негиз барбы?

Нух Мете Юксел: Кыргызстанды жакшы билбейм. Бирок кайсыл жерде болсо да мүмкүнчүлүк болсо эле пландаган нерсесин ишке ашырат. Жамаат Кыргызстанбы, Казакстанбы, айырмасы жок, бардык жерде бул жакта жасаганын жасашы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG