Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Ош: театрдан жашоодогу "спектакль" кызык


Оштогу маданий очоктор терең кризисте жаткандай. Кыргызстандын көңүл чордонундагы миграция, коррупция, базар, сойкулук, балдар кылмыштуулугу, үй-бүлөлүк зомбулук жана диний радикализм сыяктуу темалар боюнча 20 жылдан бери Ошто бир дагы спектакль коюлган эмес.

Ош шаарынын тургуну, театр сүйүүчү Камчы Абдивалиев калаадагы маданий очоктор жеке адамдардын эле пайдасына иштеп калды деп эсептейт.

- Филармония бир эле багытта иштеп калгандай. Улуттук фольклор унутта калып, эстрадасы эле элге көрүнүп жатат. Драма театрды карасаң Самара Каримованын концертинен башка жөнүндө сөз болбой калды. Жакшы классикалык же заманбап спектаклдер тууралуу сөз да жок. Театрдын иши артка кеткени ошондон болсо керек.

Чыр коштогон он тогуз күндүк концерт

Чыр коштогон он тогуз күндүк концерт

Оштогу артисттер 19 күндөн бери улуттук драма театрда концерт өткөрө албай убара. Буга театр директорунун жубайы Самара Каримова аттуу ырчынын концерти бүтө электиги себеп болууда.

Чындыгында эле Ибраимов атындагы Оштогу драма театр быйыл “Барсбек каган” аттуу бир гана жаңы спектаклди сахналаштыруу менен алек экен. Театр жетекчиси Асан Мансуров быйылкы театр сезонун эки эски, бир жаңы спектакль менен ачарын айтты.

- Бизде тынымсыз эле спектаклдер коюлуп жатат. Жакында да спектаклдер фестивалын өткөрдүк. Эл көп катышып, орун жетпей калды. Артисттерибиз сыйлыктарды алышты. Быйылкы театр сезонунун ачылышына үч спектаклди даярдап жатабыз. Мисалы, карыларды сыйлаган үчүн Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, Жаныш Курманбековдун “Жаза” жана жаңы “Барсбек” спектаклдерин коебуз.

Ал эми театрдын жетекчи орун басары Шералы Бекташев жаңы спектакль койгонго жарамдуу драмалар жазылбай калганын айтат. Анын үстүнө өлкөдөгү ар бир көйгөйдү сахналаштырып салууга саясий эрк да жетишсиздей.

- Биз драматург жазуучулардын чыгармаларын сахналаштырабыз. Өзүбүз чыгарма жаза албайбыз. Драматургдар толуп жатат. Бирок алар эч нерсе жазбай жатышат. Алар чыгарманы жазып алып келип берсе биз коет элек да.

Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова болсо, маданий борборлор кризистен чыгалбай жатканын мойнуна алат. Муну ал каржылоонун жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

- Союз урагандан кийин бүт өлкө боюнча бардык маданий очоктордун талкаланып-таланышы маданияттын азыркы абалына түздөн-түз таасирин тийгизди. Мисалы, мен Абдыкадыров атындагы филармонияны 16 жылдан бери жетектеп келатам. Ошол 16 жылдын ичинде бир автобуска быйыл жеттик. 16 жылдан бери бир транспорту жок филармонияны жетектөө кандай кыйын экенин элестете бергиле. Алдыңда унаа болбосо, кайсы иш-чараны уюштурасың, кайсы гастролго чыгасың?

Бирок шаар тургуну Адылбек Батыралиев элге азыр театрдагы спектаклге караганда саясатчылар күн сайын тартуулап жаткан "спектаклдер" кызыгырак болуп жатканын айтат:

- Илгери театрга барбасаң жаштар талкуулап жаткан теманы түшүнбөй калчусуң. Анткени эл улам жаңы чыккан чыгармаларды талкуулачу. Азыр элдин талашып, талкуулаганы эле саясат. Атамбаев эмне деп койду? Текебаев эмне деп койду? Мисалы, мен эртең айылга барайын, элдин баары топтолуп саясатты сурашат. Маданияттан кеп козгосоң “кой, аны токтот” дешет.

Ош: театр тойканага айланганда...

Ош: театр тойканага айланганда...

Ошто үйлөнүү тойлор Бабур атындагы өзбек драма театрында өтө башташы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Жаштар болсо театрды заман талабы менен тең жарышкан мекемеге айлантыш керек деп эсептешет. Алардын бири Дастан Үмөталиев театрдан эки костюмдарды эмес, шоуну, кооздукту, көркөмдүктү жана адаттан тыш чыгармачылыкты көргүсү келерин айтат:

- Азыр театрларда жаңылануу, изденүү жок. Мурдагыдай эле союздан калган кийимдерди, ошол эле эскиче декорацияларды колдонуп иштешет. Ал жакта элди кызыктыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан театрга баргандар жок. Бул үчүн элди айыптоо туура эмес. Жакында Бишкекте суу астында бийлеген балдар тууралуу “Искушение” деген спектакль коюлду. Ага эл миң сомдон билет сатып алып киришти. Ал эми Ошто элүү сомдон билетти зордоп сатсаң да эч ким кирбейт. Театрларга эркиндикти берсе, коммерциялык багытка көбүрөөк бурса, балким жаңылануу болот беле...

Адистердин айтымында, бир драманы сахналаштырууга 200 миң сомдон өйдө акча коротулат экен. Ош улуттук драма театры сексуалдык кулчулук жана безгек оорусу тууралуу спектаклдерди бейөкмөт уюмдардын каржылоосу менен сахналаштырышкан. Андагы ондогон артист спектаклге караганда Оштун борбордук аянтындагы аптапта өткөн массалык иш-чараларга көбүрөөк күч коротушарын жашырышпайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG