Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Абактагылар ачкачылык жарыялашты


Ачкачылык жарыялоону абактагылар түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абал менен байланыштырса, тартип коргоо органдары муну кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнө карата бийликтин чабуулуна жасалган жооп катары баалашууда.

Кыргызстандын дээрлик бардык түрмөлөрүндө абактагылар тамак-аштан баш тартты. Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Калыбек Качкыналиевдин айтымында, ар бир колониядан ондогон адам ачкачылык жарыялашкандыгын билдиришкен. Алар азырынча расмий түрдө талаптарын айтыша электиги кабарланды.

Бирок Калыбек Качкыналиев абактагылардын нааразылык акциясынын чыныгы себептери "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин уюмдашкан тобунун мүчөлөрү кармалып жаткандыгы менен байланыштуу экендигин белгиледи:
Бир тополоң чыгарса бизде күч жетиштүү. Буга керектүү курал-жарактын бардыгы даяр турат.


- Мунун бардыгына Камчы Көлбаев буйрук бергендиги боюнча бизде маалымат бар. Булар "ошол Камчынын балдарын эмнеге камап жатасыңар" деген реакциясын билдиришүүдө. Алар менен азыр сүйлөшүү тынымсыз жүрүп жатат. Эгерде алар мыйзамга каршы чыгып, козголоң кылса күч колдонууга туура келет. Бирок азыр алар тынч эле турушат.

Кыргызстанда он бир колония жана алты убактылуу тергөө абагы бар. Анда болжол менен он эки миңден ашуун адам жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат.

Чыдамдын чеги

Чүй облусунун аймагындагы 47-абакканада отурган Ашырбек аттуу жигит алардын ачкачылык жарыялашынын себептери абактардагы адам чыдагыс абалдын өкүм сүрүшү менен байланыштуу экендигине токтолду:

- Тамак-аш жагынан кыйналып кеттик. Сырттан өзүбүзгө тамак келсе да анын көпчүлүгүн жарым жолдон уурдап коюшат. Өзүбүз бул жерден колго жасап, сыртка чыгарып саткан буюмдарыбызга да тыйуу салып коюшту. Мына ошол буюмдарыбызды саткандан да алар акча талап кылып жатышат.

Ошол эле учурда Ош шаарындагы тергөө абагында отурган, өзүн Алтынбек деп тааныштырган дагы бир жигит тартип коргоо органдарынын катаал мамилеси абактагылардын кыжырын келтирип жаткандыгын айтты. Алтынбек тергөө абактарында кыйноолор аркылуу айыпты моюнга алдыруулар күчөп кеткендигин белгиледи:

- Эч кандай айыбы жок отурган балдар көп. Аларга милициядан өчөшүп калып, чөнтөктөрүнө ок-дары же маң затын сала коюп, уруп-тепкилеп эле камап жатышат. Биз жанагы Камчы Көлбаев дегенди билбейбиз. Анысы жок эле абактагылар ачууланып, чыдамы түгөнүп отурушат.

Учурда Кыргызстандагы бардык колониялар күчөтүлгөн кайтарууга өтүп, көзөмөл чаралары бекемделди. Жазаны аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын ыкчам штаб түзүлүп, коопсуздук жагы камсыздалгандыгын белгиледи:

- Борбордук аппараттагы жетекчилер жана кызматкерлер толугу менен колонияларга бөлүнүшкөн. Андагы кызматкерлер азырынча мекемелердин ичинде эле иштеп жатышат. Алардын коопсуздугу атайын кызмат, ИИМ жана башка күч түзүмдөрүнүн көмөгү менен камсыздалып турат. Бир тополоң чыгарса бизде күч жетиштүү. Буга керектүү курал-жарактын бардыгы даяр турат.

"Өз кызыкчылыгына колдонгондор да бар"

Анткен менен укук коргоочулар абактардагы социалдык абалдын начардыгы жана эркинен ажыратылгандарга карата катаал мамиле алардын акцияларга чыгышына негиз болуп жаткандыгын эскертишти.

Төлөйкан Исмаилова
“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова мындай абалды кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатышкандыгына токтолду:

- Кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттерин кармап жатабыз деп бир жайларга топтоштуруунун өзү коркунучтуу. Аларды өзүнчө кармап, ачык, адилеттүү соттош керек болчу. Мына эми ошолор өздөрүнүн таасирин таркатып, түрмөлөрдөгү абакчылардын оор маселелерин өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуп жатышат. Ушул жагдайды бийликтин иштөө усулдарынын алсыз экендиги көрүнүп калып жатат.

Абактагылардын ачкачылыгы 31- жана 27-жазаны аткаруу мекемелерине гана жайылган жок. Анткени аталган мекемелерде оорулуу абакчылар мөөнөттөрүн өтөшөт. Учурда абактагылардын абалын иликтөө боюнча комиссия түзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG