Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ошто Өзбекстандык жарандар соттолду


Ош шаардык соту Өзбекстандык эки жаранды “улут аралык кастыкты козуткан”, “мыйзамсыз куралдуу уюм түзгөн” жана “каракчылык кылган” деген айып менен соттоп, З. Мерожиддин аттуу жаранды 17 жылга, Т. Шохжахонгир аттуу жаранды 17 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ушул беренелер менен кыргызстандык жарандар да айыпталып, Жалал-Абад облусунун тургуну 16 жылга, дагы бирөө 10 жылга эркинен ажыратылды.

Булар үстүбүздөгү жылы 6-мартта кармалышкан.

Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы таратты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG