Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

АКШ: 20 млн адам кулчулукта күн кечирет


Глобалдык кулчулук боюнча The Walk Free Foundation уюмунун быйылкы жылкы баяндамасы боюнча жасалган инфографика. Май, 2016-жыл
Глобалдык кулчулук боюнча The Walk Free Foundation уюмунун быйылкы жылкы баяндамасы боюнча жасалган инфографика. Май, 2016-жыл

Ушу тапта дүйнөдө 20 миллион адам кулчулук чеңгелинде калган. Алардан адам сатуучулар жылына 150 миллиард доллар киреше табууда. АКШнын кулчулук тууралуу кезектеги баяндамасында Кыргызстан тууралуу да сөз болот.

Кошмо Штаттардын 420 беттик кезектеги жылдык баяндамасында 200 өлкөдөгү адам сатууга каршы күрөшүү, кулчулук темасы кенен иликтенген. Балдардын, аялдардын, чоң кишилердин да жан чыдагыс эмгектерге, жыныстык катнашка мажбурланган мисалдары жыйналган.

Чөлкөмдүн тиричилик өзгөчөлүгүнө жараша балык чарбасында, курулушта, согуш аймактарында, пахта талааларында ж.б. жактарда кулчулукта жүргөндөр миллиондоп саналары эсептелген.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочусу Сирияда апасынын көзүнчө 12 жашар кызды дамамат зордуктап жүргөнү ашкере болгонун мисал келтирип, кулчулук дүйнөнүн айрым бурчтарында бирден бир көйгөй экенине токтолду:

- Сексуалдык кулчулукка мажбурланган кыздар. Токумдай жерде жатып-туруп, тамак жасап, кир жууганга гана кое берилген аялдар. Уйкудан азып, өлбөстүн күнүн өткөрүү үчүн күнү-түнү ысык-суукта иштеген балдар, кишилер.

Биз кулчулук жөнүндө сүйлөп жаткан учурда 20 миллион адам кул, күң болуп жүргөнүн түшүнүшүбүз керек. Алар бир да адам чыдай алгыс тозокто жашайт. Алар адамдар. Алардын ысымдары бар. Бир кезде бүтүн бүлөлөрү да болгон. Жакшы жагы, буга каршы күрөшүүдө мүмкүнчүлүгүбүз бар жана чечкиндүүбүз.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун зомбулугунан качкан сириялык күрттөр.
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун зомбулугунан качкан сириялык күрттөр.

Баяндамада өлкөлөр үч топко бөлүнгөн. Биринчисине - кулчулукту алдын алып, курмандыктарды коргоо боюнча жетиштүү иш алып барган өлкөлөр кирген. Экинчисине - бул жаатта чараларды көрүп, аракеттенген мамлекеттер, үчүнчү топко адам сатууга каршы эң аз чара көргөн өлкөлөр кирген.

Сирия, Түндүк Корея, Судан, Иран сыяктуу 27 өлкөнү камтыган акыркы топко быйыл постсоветтик Беларус, Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстан кошулган.

Бирок, баяндама кургак статистикалар жыйындысы же кайсы бир өлкөнү уяткаруу эмес, көйгөйдү бирге жеңүүнү көбүрөөк көздөйт деди Керри:

- Алар саясий же башка факторлорго негизделген эмес. Аларды бөлүүнүн өзүнчө чен-өлчөмү бар. Рейтингге кошумча баяндамада конкреттүү көйгөйлөр жана аларга каршы күрөштү күчөтүү ыкмалары көрсөтүлгөн. Бул жаатта жардам берүү биздин жылдык отчетубуздун максаты. Бул жөн гана каталог эмес. Бул деталдуу талдоо, максаттуу жол картасы.

Кулчулук боюнча баяндама жасаган АКШ мамкатчысы Жон Керри.
Кулчулук боюнча баяндама жасаган АКШ мамкатчысы Жон Керри.

Баяндамада Кыргызстан экинчи топто

Кыргызстанда эмгек мигранттарынын кулчулук торуна түшүү ыктымалдыгы өзгөлөрдөн жогору экени айтылат. А тургай Түркия, Араб Эмираттары, Индия, Орусия, Казакстан, Түштүк Кореядагы сексуалдык күңчүлүктө жүргөндөр арасында кыргызстандык кыз-келиндер бар экени белгиленет.

Кыргызстандын өзүндө да мындай көрүнүштөр орун алып, күч органдары өздөрү ошол кыз-келиндерге сексуалдык зомбулук көрсөткөн жагдайлар тууралуу айтылат. Ошондой эле айыл чарба жумушуна мажбурлангандан тышкары, балдар өлкөдө маңзаттарды сатууга колдонулары да жазылган.

Кыргыз өкмөтүнө өспүрүмдөргө сексуалдык зордук көрсөткөндөргө каршы мыйзамды эл аралык нормаларга шайкеш келтирүү; алданып, кулчулукта жүргөндөгү кылмыштары үчүн адамдарды жоопко тартпай тургандай мыйзамга өзгөртүү киргизүү сыяктуу бир топ сунуштар берилген.

XS
SM
MD
LG