Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

FBI: Шайлоочулар системасына хакердик чабуул аракети жасалды


Жеймс Коми
Жеймс Коми

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (FBI) директору Жеймс Коми өлкөнүн шайлоочуларды каттоо системасына сырттан кийлигишүүнүн жаңы аракети болгонун билдирди. Конгрессте шаршемби күнү сүйлөп жатып ал орусиялык хакерлердин изи табылганын, АКШда өтө турган президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети жасалып жатканын айтты.

Август айында бюро Иллинойс жана Аризонадагы шайлоочуларды каттоо системаларына хакердик кол салуу болгонун айтып, он чакты штаттын жетекчилерин коопсуздук чараларын бекемдөөгө чакырган.

- Көптөгөн сканердик көчүрүп алуулар катталды. Быйыл июль жана август айларындагыдай кийлигишүү аракеттери да ушундан башталган, - деди Коми.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, киберчабуулдарга он чакты штат кабылды жана мунун артында Орусия турат деген божомол бар.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин мындай айыптоо негизсиз экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG