Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

ОПЕК мүчөлөрү мунай өндүрүүнү азайтуу тууралуу макулдашты


ОПЕК уюмуна мүчө өлкөлөр соңку сегиз жылдан бери алгачкы жолу мунай өндүрүүнү чектөө тууралуу алдын ала макулдашууга жетишти. Натыйжада дүйнөлүк баа кескин көтөрүлүүдө.

Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, ар бир мүчө өлкө үчүн өндүрүүнүн көлөмү 30-ноябрда Вена шаарында өтө турган жыйында макулдашылат. Башка экспорттоочу өлкөлөрдүн да колдоосуна үмүт бар экени айтылууда.

2014-жылдын ортосунан бери дүйнөдө мунай баасы дээрлик эки эсе төмөндөдү. ОПЕК уюмунун мүчөлөрү бир пикирге келгени тууралуу кабар баанын жогорулашына алып келди.

Буга чейин Алжирдин экономика министрлиги мунайды кайра иштетүү маселесин колго алып, бааны турукташтыруу үчүн инвестиция салуу керектигин белгилеген.

ОПЕК (The Organization of the Petroleum Exporting Countries​) уюмуна мунай экспортунун 40 процентин көзөмөлдөгөн 14 мамлекет мүчө. Бирок, негизги өндүрүүчүлөр, анын ичинде Орусия, бул бирикмеге кирбейт.

Мунайдын арзандашына АКШдагы мунайды сланец газынан өндүрүү технологиясы жол ачкан "Сланец революциясы" себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG