Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Аскаровдун иши боюнча изделген тасма жок болуп чыкты


Азимжан Аскаров сот залында
Азимжан Аскаров сот залында

Азимжан Аскаров 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондогу көпүрөдө башаламандык уюштурганы тартылган тасма жок болуп чыкты. 25-октябрдагы соттук териштирүүдө Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө андай тасма жоктугу тууралуу расмий билдирүүсү жарыяланды. Буга чейин күч кызматтары Аскаровдун июнь коогасына катыштыгы бар экенин далилдеген тасма бар деп белгилеп келишкен.

Тасма табылбаганы тууралуу орус тилинде жазылган маалыматты Аскаровдун ишин карап жаткан Чүй облустук сот коллегиясынын төрагасы окуп берди.

Азимжан Аскаров тасмада өзү жоктугун белгилеп, күч кызматтары аны көрсөтө албайт деген сөзүн кайталады.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында "улуттук кастыкты козуткан, жапырт башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан", деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку cот 12-июлда ишти “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти Чүй облустук соту кароого киришкен. Отурум 4-октябрдан бери ар шеймшембиде өтүүдө.

XS
SM
MD
LG