Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Казак жараны “терроризмди жайылтканы үчүн” 12 жылга кесилди


Актөбө шаардык сотунун имараты
Актөбө шаардык сотунун имараты

Казакстандын Актөбө шаардык соту жергиликтүү тургунду терроризмди пропагандалаган жана теракттарды ишке ашырууга үгүттөгөн деп айыптап, 12 жылга эркинен ажыратты.

25-октябрда №2 шаардык сот чыгарган өкүмгө ылайык Нурлан Өмүрбеков улуттук кастыкты козуткан жана террорчулукка ачык үгүттөгөн деп табылды.

Өмүрбековго жардам көрсөткөн деген кине менен эки өнөктөшү да сегиз жылдан абакка кесилди.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык Өмүрбеков Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кетүүнү көздөгөн.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата терроризм беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

XS
SM
MD
LG