Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Иран президенти Хасан Рухани Орусияга келет


Хасан Рухани менен Владимир Путин.
Хасан Рухани менен Владимир Путин.

Рухани бүгүн баштала турган эки күндүк сапарынын жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Бул анын 19-майга белгиленген президенттик шайлоого чейинки чет элге болгон акыркы сапары болуп калмакчы.

Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги билдиргендей, жалпысынан Рухани менен Путин сегиз жолу кезиккен. Бул ирет тараптар соода, экономика жана энергетика кызматташтыгын талкуулай турганын Кремлден билдиришти. Мындан тышкары геосаясий кырдаал, Сириядагы согуш жана Жакынкы Чыгыштагы конфликттер да козголот.

Орусия менен Иран Сириядагы алты жылдан бери уланып келе жаткан козголоңчулар менен согушта президент Башар Асаддын режимин колдоп келүүдө. Козголоңчуларды АКШ менен Түркия кубаттайт.

XS
SM
MD
LG