Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Обама дагы бир мурдакы атаандашын Соода министри кылып көрсөттү


Барак Обама Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсон менен
Барак Обама Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсон менен

Барак Обама шейшемби күнү Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсонду өлкөнүн болочок Соода министри кылып көрсөттү. Соода министри америкалык ишкерлердин Ак Үйдөгү үнү саналат жана АКШлык ишканалардын тышкы рыноктогу кызыкчылыгын коргоого жооптуу.

61 жаштагы Билл Ричардсон Кошмо Штаттардагы испан тектүү көрүнүктүү саясатчы. Эгерде Хиллари Клинтон Мамкатчылыкка көрсөтүлбөсө, Барак Обама тышкы саясатты жүргүзүүнү Ричардсонго тапшырат деп күтүлүп жаткан.

Обама Ричардсондун АКШнын «башкы экономикалык дипломаты» болорун айтып, катаал мезгил Соода министринен чоң иштерди талап кылаарына көңүл бурду:

- Бул түздөн түз экономикалык коркунучтан башка да узак мөөнөттүк гүлдөп-өсүүнүн пайдубалын түптөөчү, өлкөдөгү бизнести өнүктүрүүнүн жана америкалык бизнести дүйнөгө жайылтууну дагы кеңейтүүгө аракет кылчу убакыт. Бул иш Соода министринин негизги вазийпасы.

Ричардсон «көрсөткөн ишеними үчүн» Обамага ыраазылыгын билдирип, «Соода министрлиги өлкөнүн экономикасын бутуна койууда өзгөчө ролду аткарарын» белгиледи.

Билл Ричардсон президенттик шайлоо өнөктүгүндө Обаманы колдоп, маанилүү төрт штатта: Флорида, Нью-Мексико, Колорадо жана Невадада жеңүүсүнө чоң салым кошот.

Ричардсон жети жолу Конгресске шайланган. Президент Клинтон доорунда АКШнын БУУдагы элчиси жана Энергетика министри болгон. Ал соңку 15 жылда атайын чабарман катары Мьянмар, Гаити, Судан, Түндүк Кореянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. АКШ элдешпес душманы көргөн Фидель Кастро жана Саддам Хусейнди абийир туткундарын бошотууга көндүргөн.

Ошондуктан, анын тажрыйбасы Колумбия жана Түштүк Корея менен эркин соода келишимин түзүүдө үзүрлүү пайдаланылышы мүмкүн. Америкалыктардын калган 15 процентин 17-февралдан тартып дигиталдык телевидениеге өткөрүүгө, 2010-жылкы эл каттоого, климаттын өзгөрүүлөрү боюнча сүйлөшүүлөргө да Соода министри жооптуу.

Байкоочулар Обама негизинен өкмөткө күчтүү кесипкөйлөрдү топтоп жатканын, анын ичинде Хиллари Клинтон Мамкатчы катары өтө туура тандалганын айтышууда.

«Бардык саясый маселелер боюнча биримдик болбошу ыктымал. Бирок сиз Обама жана Хиллари Клинтон менен жакшы атмосферага кепил өтө аласыз»,- дейт берлиндик профессор Андреас Этгес.

Лондондо араб тилинде чыкчу «ал-Хаят» гезити Клинтон айым Иран менен сүйлөшүүгө барарына, Израилди өз аскерлерин Голан дөйсөөсүнөн чыгартып, Сирия менен элдештирүүгө жана Палестин мамлекетин түзүүнү тездетүүгө аракет кылат деп ишенет.

XS
SM
MD
LG