Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Миллиардер Трамп теледебатта "убада" берген жок


АКШ президенттигине талапкер республикачылар Скотт Уолкер (солдо), Дональд Трамп (ортодо) жана Жэб Буш (оңдо) теледебат кезде суроолорго жооп беришүүдө. Кливленд, 6-август.
АКШ президенттигине талапкер республикачылар Скотт Уолкер (солдо), Дональд Трамп (ортодо) жана Жэб Буш (оңдо) теледебат кезде суроолорго жооп беришүүдө. Кливленд, 6-август.

Келерки жылы 8-ноябрда АКШнын 45-президенти шайланат. Ак үйдүн төрүн ээлөөнү каалаган он көрүнүктүү республикачыл талапкер 6-августта биринчи теледебатка чыгышты.

Маалымат каражаттарынын билдиришинче, миллиардер Дональд Трамп көпчүлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп алган.

Акыркы айларда маалымат булактары республикачыл 17 талапкердин ичинен Дональд Трампка көп орун берип жатышкан. Бейшемби күнү Кливленд шаарында өткөн теледебаттан соң массмедианын көңүл чордонунда кайрадан эле 59 жаштагы миллиардер болууда. Трамптын оюндагысын шөкөттөбөй түз айтканы америкалык телекөрүүчүлөрдүн да купулуна толду шекилдүү.

Fox News телеканалынын алып баруучусу Мегин Кэлли Дональд Трамптан анын аялдар жөнүндө мурда айткан кээ бир сөздөрү саясатчыга абийир кошпосун айтканда, миллиардер маселени АКШдагы жагдайга шылтап салды:

- Менимче, бул өлкөдө саясий сыпаалык чоң проблема. Мага каршы аябай көп адамдар сүйлөшөт жана чынын айтсам, менде саясий сыпаалыкка убактым жок. Ачык айтсам, өлкөнүн да убактысы жок.

Трамп теледебат маалында мексикалык мыйзамсыз мигранттар тууралуу айткан мурдагы сөздөрүн да танбады. Ал берегидей мигранттар арасында “кылмышкерлер” менен “зөөкүрлөр” кездешет деген болчу.

Fox News республикачылар партиясы көрсөткөн президенттикке талапкерди ким колдобойм деп убада берет деп сураганда, жалгыз Дональд Трамп кол көтөрүп, кайрадан “элден бөлөкчө” болду.

- Мен айта албайм... Биз жеңгибиз келет жана биз жеңебиз. Бирок мен республикачы катары жеңгенди каалайм. Мен республикачыл талапкер катары ат салышканды каалайм.

Миллиардер талапкердин бул сөзүн кентуккилик сенатор Рэнд Поль шып илип алып: "Ал баарын эсептөөдө. Себеби, мурда саясатчыларды сатып алган” деп “капталдан сокту”.

Дональд Трамптын каадага сыйбаган жүрүм-туруму миллиардер Республикачыл партия үчүн оңой менен сомго салынбас адам экенин жышааналайт дешет серепчилер.

Бейшемби күнкү теледебатта Трамптын сол жагында Флорида штатынын мурдагы губернатору Жэб Буш турду. Аялы мексикалык Буш Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жашаган кээ бир адамдардын макамын легалдаштыруу зарыл деген сөзүнөн тайган жок. Мындай сунушка айрым республикачыл шайлоочулар каршы. Ал учурдан пайдаланып, президент Барак Обама менен Демократиялык партиядан президенттикке талапкер деп көрсөтүлөрү боолгонуп жаткан Хиллари Клинтонду сындап кетти:

- Мен жеңгим келет... Биз Барак Обама жана Хиллари Клинтон ар күнү жасагандай: өлкөнү бөлүү жана зыяндуу чөйрөнү түзүү үчүн жеңгени жатканыбыз жок. Биз жакшы жана оптимисттик сөздөр менен элди бириктирип жеңгени жатабыз.

Жэб Буштун атасы да, агасы да мурда АКШнын президенти болушкан. "Ассошиэйтед пресс" агенттигинин жазышынча, Жэб Бушту Республикачылар партиясынын уюткусун түзгөн “бай донорлор менен бизнес лидерлер” татыктуу талапкер катары көрүшөт.

6-август күнкү Fox News телеканалында өткөн теледебатта АКШ президенти болууга дилгир талапкерлердин бир нечеси Барак Обаманы Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишим жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы көрүлгөн чаралары үчүн катуу жемеге алышты. Президент Обама “радикалдуу ислам терроризми” деп айтканга даяр болмоюн АКШ жеңишке жетпейт, деди техастык сенатор Тед Круз.

Ал эми Висконсин штатынын губернатору Скотт Уокер эгер президент шайланса, кызматка отурар замат Иран менен алты держава түзгөн ядролук келишимди “жокко чыгарам” деди. Буга караганда, Иран менен кол коюлган келишим жана орто кылымдык халифат курууну каалаган жихадчылар - президенттик шайлоо өнөктүгү маалында “бүйүр кызыткан” маселе болот сыягы.

Президенттикке эң жаш талапкер, 44 жаштагы флоридалык сенатор Марко Рубио Конституция бардык америкалыктардын, ошондой эле АКШда туулбагандардын энчиси экенин эске салды. Анын эта-энеси Америкага 1956-жылы Кубадан көчүп келген.

Кливлендеги теледебат 15 айдан кийин болчу шайлоодо президенттикке ат салышууну көксөгөн республикачыл талапкер үчүн алгачкы чоң сынак. Февралда татыктуу жалгыз талапкерди аныктоочу праймериз добуш берүү башталганга чейин алар дагы беш теледебатка катышат.

Демократиялык партиядан президенттикке талапкерлердин биринчи теледебаты 13-октябрда Невада штатында болот.

XS
SM
MD
LG