Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

СААКАШВИЛИ ЭКОНОМИКАДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ ҮЧҮН АКШ ТАРАБЫНАН КОЛДООГО АЛЫНЫШЫ ЗАРЫЛ


Ричард Холбрук- АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдакы элчиси жана Босния согушуна акыркы чекитти койгон Дейтон тынчтык келишиминин архитектору. Кошмо Штаттардын тышкы саясаты боюнча дасыккан талдоочу үстүбүздөгү аптада “Азаттык” радиосуна Грузия-россиялык мамилелер жана Косовонун келечеги жөнүндө интервью берген.

Ричард Холбрук былтыр ноябрь айында жарыяланган макаласында Грузиядагы президент Саакашвили башындагы бийликти Москва өзүнүн эзелки орой ыкмасына салып, алмаштыруу аракетин кылып жатканын жазган эле.

-…Грузия менен Россия ортосундагы айрым алыш-бериштерге алиге тоскоолдук болуп жаткандыктан, кырдаалга мен дале тынчсызданам. Алар чек ара маселесин нормалдаштыруусу зарыл,- деди Холбрук.

Экс-элчинин пикиринче, президент Саакашвили экономикадагы оң жетишкендиктери үчүн эле АКШ жана Евробримдик тарабынан колдоого алынышы зарыл:

-Саакашвилиге болгон колдоом ал жетишкен ийгиликке негизделген. Кемчиликсиз эч ким жок жана Грузияда айрым проблемалар бар. Бирок, ал бийликке келгенде өлкө кудуретсиз банкрот абалда болчу. Энергия системасы иштечү эмес, адамдар колуна тийгендин баарын уурдап жатышкан жана өкмөттүк чиновниктер маяна алышчу эмес. Бүгүн экономика өсүүдө, бюджеттин чыгаша-кирешеси теңделген. Бул укумуштуудай жетишкендик.

Москванын колдоосуна таянган Түштүк Осетия менен Абхазиянын жетекчилиги ырасмий Тбилисинин өз ара мамилени нормалдаштыруу боюнча аракетин четке кагып, атүгүл жакында жергиликтүү шайлоолорду да өткөрдү. Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ Россия бул эки региондун проблемасын Улуттар Уюму менен талкуулагысы келбегендиктен, БУУнун да колу байланып турат. Ричард Холбрук, берегидей шартта, Вашингтон ядролук программасынан баш тарттыруу үчүн Түндүк Корея же Иран менен соодалашууга баргандай, Грузия боюнча Россия БУУда коюп жаткан талаптын айрымдарына макул болуусуна каршы экенин айтты.

-Мен ага тикелей каршымын. Грузиянын террориялык бүтүндүгшү абдан маанилүү. Россия Абхазия менен Түштүк Осетиянын мыйзамсыз режимдерин колдоосун токтотуп, Грузиянын өз жолу менен өсүүсүнө жол бериш керек.

Дейтон тынчтык келишиминин архитектору катары белгилүү Ричард Холбрук- албан калктуу Косово Сербиядан бөлүнүп, күнкорсуз мамлекет болоруна ишенет:

-Албетте, Косово күнкорсуз болуш керек. Бирок, россиялыктар Белграддагы Ахтисаардын планына каршы чыккан саясатчыларды колдоп, планды шал кылууда. Эгерде Ахтисааринин планы келерки айда Коопсуздук Кеңешинде бекитилбей калчу болсо, Косоводо толкундоолор чыгат. Россиянын аракетинин жемиши ушундай болот жана анда Россия жооп бериш керек.

Марти Ахтисаари- Финляндиянын мурдакы президенти. Азыр БУУнун Косоводогу атайын өкүлү. Ал Косовонун болочок макамы боюнча планды Улуттар Уюмунун атынан иштеп чыккан. Россия планга каршы чыккандан тышкары, Ахтисаарини алмаштырууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG