Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Жеке ишкер УКМК кызматкерлери сабаганын айтып чыкты


Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жеке ишкер Зарылбек Мааткалыков 24-сентябрдын кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери токмоктоп кеткенин "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, сабагандардын арасында УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы Замирбек Жолболдиев ​да болгон. Ишкердин сабалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан да тастыкташты.

- Мындан мурдараак менин заводума Замирбек Жолболдиев УКМКнын башка балдарын жөнөтүп, ошолор аркылуу “үлүш” катары акча алгысы келген. Бирок мен мыйзамдуу иштеп жатканымды айтып, акча берүүдөн баш тарткам. Кечээ түндө келе жатсам жолдун боюнда унаасынан үч бала чыгып, мени ур-токмокко алып киришти. Менин машинемде келинчегим дагы бар болчу. Мени сабагандардын арасында УКМК кызматкерлеринин башчысы Замирбек Жолболдиев дагы болгон -, деди ишкер Мааткалыков.

Бул ишти Ош облустук ички иштер башкармалыгы тергеп баштаганы маалым болду. Жабырлануучу бүгүн Ноокат райондук милициясына арыз менен кайрылган. Ош милициясынан кабарлашкандай, Ноокат ИИБсине УКМК кызматкери Замирбек Жолболдиев да арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Ал өз арызында ишкер трамватикалык тапанча менен коркутканда коргонгонун, бирок ишкерди ким урганын билбей турганын көрсөткөн.

Айрым маалымат каражаттары Замирбек Жолболдиевдин кармалган сүрөттөрүн да жарыялашкан. Бирок Ош милициясы ал кармалбаганын жана азыр кайда экенин белгисиз экенин кошумчалады.

Сабалдым деген ишкер Мааткалыков кант заводун иштетет. Ал сабагандар автоунаасынан 156 миң сомун да алып кеткенин айтууда.(YI/SDz)

XS
SM
MD
LG