Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Талас: өспүрүмдөр арасында уурулук көбөйдү


Таласта катталган кылмыштардын 95 пайызын уурулук түзөт жана ага шектелгендердин басымдуу бөлүгү 18ге чыга элек өспүрүмдөр. Бул тууралуу «Азыттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеме жетекчисинин орун басары Ибрагим Шатманалиевдин ырасташынча, жашы жетелектер негизинен дүкөндөрдү, үйлөрдү тоноого шектелип кармалууда. Маселен жакында эле Кара-Буура районунун 5-классынын окуучусу мечиттердин алдына токтотулган велосипеддерди уурдап жүргөнү анык болгон.

Таласта мал уурулук да күч экени белгилүү. Бир апта мурун Кара-Буурада жоголгон 13 баш жылкы Жалал-Абаддын Ноокен районунда табылган. Маалыматка караганда бул иш боюнча тергөө амалдары уланып жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG