Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

АКШ-Орусия Сириядагы аскерий кызматташтыкты талкуулоодо


Жон Керри менен Сергей Лавров Лаосто.
Жон Керри менен Сергей Лавров Лаосто.

АКШ менен Орусия Сирияны кайрадан талкуулашты. Маселе эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме башчыларынын Лаостогу жолугушуусунда сөз болду. Азыр башкы маселе Москва менен Вашингтон Сирияда эки тарап тең террорчул деп санаган куралдуу топторго каршы күрөштө аскерий кызматташа алабы деген суроолорго барып такалууда.

Сирия боюнча эки тараптуу ыктымал аскерий кызматташтыкка байланышкан маселелер бул ирет АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Лаостогу жолугушуусунда талкууланды.

АКШ жана Орусия дипломатиясынын башчылары ал жерге Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн кеңешмесине катышуу үчүн барышкан эле.

Мамлекеттик катчы Жон Керри министр Сергей Лавров менен Лаостогу сүйлөшүүлөрүнөн кийин буларга токтолду:

- Биз экөөбүз тең сүйлөшүүлөр биздин ортобузда эле жүрбөстөн, техникалык деңгээлдеги топтор да: АКШнын коргоо министри Картер, штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Данфорд, Орусиянын президенти Путин же орусиялыктар тарабынан көтөрүлгөн айрым маселелерди тактоо үстүндө иштөөсүн да көздөйбүз. Биз түшүп аткан жолго эч суроосуз кириш үчүн булар күн мурунтан жөндөлүшү абзел. Мисалы, орусиялыктар “Жабхат ал-Нусра” тобуна каршы кээ бир милдеттенмелерге ичи чыкпастыгын билдиришкен. Андыктан биз азыр үй тапшырмаларды аткарып жатабыз. Акыркы бир нече күндө үй тапшырмалардын көп бөлүгү аткарылды. Бүгүн министр Лавров экөөбүз үй тапшырмалардын жаңы бөлүгү тууралуу сөз кылдык. Алар коомчулукка жарыя айтылганча аткарылып бүтүүсү керек.

Жон Керри Сирия боюнча АКШ менен Орусиянын ыктымал аскерий кызматташтыгынын чоо-жайы коомчулукка август айына барып айтылып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Лаостогу жолугушуудан кийин буларды белгиледи:

- Америкалык өнөктөштөр жыл башынан тарта эле бизди өздөрү кызматташып жаткан оппозициядан (Сириянын) террористтик структураларды ажырата аларына ишендиришкен. Бирок, азыркыга чейин муну аткара албай келишет. Биз Москвада макулдашкан нерселер ишке ашса, биз буга үмүттөнөбүз, нормалдуу оппозиционерлерди “Ислам мамлекети” террордук тобунун жана “Жабхат ал-Нусранын" террорчуларынан ажыратуу жагы кепилденет. Биз бул макулдашуу турмушта аткарыла баштоосу үчүн эмнелер талап кылынарын талкууладык.

АКШ менен Орусиянын Сириядагы ыктымал аскерий кызматташтыгы тууралуу мамлекеттик катчы Жон Керринин ушул айдын башында Москвага жасаган сапарынан бери айтылып келатат. Анда Керринин Москвадагы узак сүйлөшүүлөрүн утурлай америкалык гезиттер АКШ Орусияга Сириядагы аскерий кызматташтык боюнча жаңы сунуштарды жолдогонун жазышкан эле.

Америкалык маалымдоо каражаттарында айтылган кабарларга караганда, АКШнын сунушу тараптардын Сириядагы операциялар үчүн биргелешкен аскерий командалык жана көзөмөл пунктун түзүүнү карайт. Ал жерде АКШ менен Орусиянын аскерий жана чалгын өкүлдөрү чогуу отурушу керек болот.

Мындай кызматташтыктын ордуна АКШ Орусиядан Асаддын режимине козголоңчулардын байистүү топторун жана жарандарды бомбалоону токтотуусу, камалоодо калган аймактарга гумжардам жетишине жол ачышы үчүн кысым көргөзүшүн күтөт.

Вашингтон ошондой эле Орусия акыр аягында Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн кырк жылга созулган бийлигинин аякташына алып келүүчү саясий жараяндын башталуусуна жардам беришин да көздөөдө.

Эки күн мурда эле АКШнын коргоо министри Эштон Картер Орусиянын Сириядагы саясаты азырынча бул өлкөдөгү жарандык согуштун узарышына салым кошту, Башар Асаддын колун чыңдады деп билдирди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG