Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

АКШ Москванын курал саясатына кабатыр


АКШ өкмөтү атомдук куралдарды кыскартуу боюнча эки тараптуу милдеттүү келишимге карабай, Орусия беш жыл ичинде баллистикалык ракеталар үчүн стратегиялык дүрмөттөрдүн санын көбөйткөнүн маалымдады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин курал-жаракты көзөмөлдөө жана келишимди бекитүү боюнча бюросу 1-апрелде көрсөткөн сандар америкалык мыйзам чыгаруучулардын Орусиянын ниети тууралуу тынчсыздануусун күчөттү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин алдындагы бюронун маалыматына ылайык, президент Владимир Путиндин тушунда Москва курал-жарак жасоого жана аскерлерге баллистикалык ракеталарды колдонуу ыкмаларын тереңирээк үйрөтүүгө басым жасоого өттү.

Америкалык эксперттер Украина жана Сириядагы калаба тутанган жерлер канаттуу ракета жана башка согуштук учактарды сынап, пайдаланууга орус күчтөрү үчүн аянтча болгону белгилешет.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, атомдук куралдарды кыскартуу боюнча 2011-жылкы макулдашуу күчүнө киргенден кийин Орусия согуштук дүрмөттөрдү 200гө көбөйткөн. Ал эми АКШ бул аралыкта курал-жарактар санын азайтканы белгиленет.

2010-жылы түзүлүп, бир жылдан соң күчкө кирген СТАРТ макулдашуусу боюнча тараптар ракеталык дүрмөттөрдүн санын 2018-жылдын февралына чейин үчтөн бир бөлүгүн кыскартууга тийиш эле.

Курал-жабдыктар боюнча белгилүү изилдөөчү, Америкалык окумуштуулардын коммерциялык эмес бирикмесинин мүчөсү Ханс Кристенсен орустар былтыр пайдаланган суу астында жүрчү кемелерде баллистикалык ракета дүрмөттөрү болушу ыктымал деп, 2018-жылы Орусия менен түзүлгөн келишим мөөнөтү аяктарын, андан ары да ишмердик балким кеңири уланарын кыйытты.

Андан сырткары, Крымдын аннексиялап, Украина чыгышындагы куралдуу кагылыштарды жайгаруу боюнча эл аралык келишимдерди аткарууга Москва көнүлсүз караганы да Конгресстин сынына кабылды.

Конгресстеги республикачылар Орусия ракеталарды чектөө боюнча 1987-жылы кабыл алынган ядролук күчтөрдү кыскартуу боюнча эл аралык келишимдин талаптарын да аткарбай жатканын айыпташты.

Мамлекеттик департамент Москва жаңы канаттуу ракеталарды сыноодон өткөргөнү эл аралык келишимди бузганын буга чейин да бир канча ирет эскерткен.

Өткөн апта соңунда Вашингтондо уюштурулган саммитке ондогон дүйнө лидерлери келип, ядролук материалдарды террорчулардан коргоонун жолдорун талкуулашты.

Республикачы сенаторлордун бири Боб Коркер бул келишимдердин сакталышында АКШ дагы ката кетирген болушу ыктымалдыгын белгилеп, СТАРТ келишими боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу оюн билдирди.

Өткөн ай соңунда Москва Вашингтондо өтө турган ядролук коопсуздук боюнча саммитке катышпоо чечимин жарыялаган. Ири өзөктүк куралы бар державалардын бири болгон Орусиянын мындай кадамына АКШ тынчсыздануусун билдирген эле.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын курал-жаракты көзөмөлдөө жана эл аралык келишимдер боюнча орун басары Роуз Геттемюллер 30-мартта өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты “эки багыттуу” деп сыпаттаган болчу.

XS
SM
MD
LG