Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:26

АКШдан башпаанек сураган орусиялыктар көбөйдү


Сексуалдык азчылыктарды колдоп, маршка чыккан ЛГБТ-активисти Николай Алексеевди полиция кызматкерлери көтөрүп баратышат.

Сексуалдык азчылыктарды колдоп, маршка чыккан ЛГБТ-активисти Николай Алексеевди полиция кызматкерлери көтөрүп баратышат.

АКШдан башпаанек сураган орус жарандарынын саны 2015-жылы 50% өсүп, соңку 10 жылда болуп көрбөгөн көрсөткүчкө жетти.

2015-жылы Орусиянын 1454 жараны башпаанек сурап кайрылган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 50% көп, ал эми 2012-жылга караганда эки эсе арбын. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШнын Коопсуздук департаменти билдирди.

Океандын ары жагынан башпаанек сураган орусиялыктардын саны Владимир Путин үчүнчү ирет президенттикке келгени өсө баштаганын байкоочулар айтышууда. АКШдагы иммиграция маселелери менен алектенген адвокаттар мунун себебин 2013-жылы Путин кол койгон “Өспүрүмдөр арасында адаттан тыш сексуалдык мамилелерди жайылтууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдан көрүшөт. Батыш өлкөлөрү бул мыйзам сексуалдык азчылыктардын укугун чектей турганын айтып сындашат. Ал эми Кремль болсо ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун бузбаганын, балдардын тагдырын аяп жатканын ырастап келет.

Орусиялыктар менен иштеген юристтердин бейрасмий маалыматтарына ылайык, башпаанек сурап кайрылган адамдардын саны кескин өсүп кеткени саясий куугунтуктукка кабылган орусиялыктардын саны арбып бараткандыгына байланыштуу болушу ыктымал.

Нью-Йорктогу адвокат Алена Шаустова “Азаттыкка” курган маегинде ага кайрылгандардын көбү Путиндин саясатына жана Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршылыгын билдиришкен. Шаустова кардарларынын арасында саясий куугунтукка кабылган сексуалдык азчылык өкүлдөрү да бар болгонун белгилейт.

Адвокат жакында ага кайрылган кардардын бири ушул жылдын башында киши колдуу болгон оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүүгө арналган демонстрацияга чыкканы үчүн куугунтукталып жатканын айткан.

Орусиялык ЛГБТ өкүлдөрүн колдоп чыккан акциянын катышуучулары. Нью-Йорк, 2013-жыл.

Орусиялык ЛГБТ өкүлдөрүн колдоп чыккан акциянын катышуучулары. Нью-Йорк, 2013-жыл.

"Иммиграциялык теңдик" - ЛГБТ өкүлдөрүнө укуктук суроолор боюнча жардам берген Кошмо Штаттардагы эң ири укук коргоочу уюм. Уюмдун өкүлдөрү 2015-жылы кайрылгандарын саны өткөн жылдагыдан кем калбай турганын айтышат. Уюмдун директору Арон Морис белгилегендей, быйыл алардын кызматкерлери 44 адамдын арыз-муңун укса, өткөн жылы 47 орусиялык кайрылган.

- Биз көп орусиялык түйгөлөрдү билебиз, алар алгач АКШга үйлөнгөнү келишет. Андан соң бул жакта толук калып калууну көздөп, жарандык алуу үчүн кайрылышат. Кээ бирлери болсо кайра Орусияга барып, ал жакта жашай албай турганына көздөрү жетет да, кайтып келүүнү туура көрүшөт.

Арон Морис ЛГБТ өкүлдөрүнүн көбү улутчулардын кол салуусунан коркушарын белгилейт.

Виржиния штатынын юристи Исмаил Шахтахтинский көптөн бери жарандык сураган орусиялык жана азербайжандык жарандар менен иштешип жүрөт. Ага кайрылган көптөгөн орусиялыктар жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурланганын айтышкан.

- Мен жалган күбө болууга мажбурланган көп адамдардын ишине туш болдум. Бийлик кимдир бирөөгө каршы кылмыш ишин ачкысы келгенде жалган күбөлөрдү табууга аракет кылат. Аларды сотто жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашат. Мына ошондой адамдар көп кайрылышат.

АКШнын Ички коопсуздук департаментинин маалыматына ылайык, 1994-жылдан бери Америкадан башпаанек сурап Орусиянын 17 миң жараны кайрылса, алардын алты миңинин өтүнүчү канааттандырылган. Буга чейин башпаанек сурагандардын эң көбү 1994-жылы катталган. Советтер Союзу урагандан кийин 2127 адам Кошмо Штаттардын жарандыгын алууну көздөгөн.

Ошентсе да АКШда убактылуу жашоого уруксат алууну каалаган орусиялыктардын саны Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүкүнө караганда кыйла аз. Евростаттын статистикасына ылайык, өткөн жылы Евробиримдикке башпаанек сурап, 14 миңден ашык адам кайрылган. Ал эми 2013-жылы Европадан орун-очок алууну каалагандардын саны 35 миңге жеткен.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG