Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Обама: Орусияга каршы санкциялар күчүндө калат


Барак Обама Ганновердеги индустриалдык жармаңкенин ачылышында сүйлөөдө. 25-апрель, 2016-жыл.

Барак Обама Ганновердеги индустриалдык жармаңкенин ачылышында сүйлөөдө. 25-апрель, 2016-жыл.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Германиядагы сапарын аяктоодо. Анын немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрүнөн соң Батыштын Орусияга киргизген санкциялары ал Минск тынчтык келишими боюнча милдеттенмелерин аткармайынча күчүндө кала берери дагы бир жолу ырасталды.

Президент Барак Обама менен канцлер Ангела Меркелдин Ганновердеги сүйлөшүүлөрүндө Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдору каралган Минск тынчтык келишиминин аткарылышы да талкууланды. Канцлер Ангела Меркел сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында буларды айтты:

- Биз Минск келишимин колдойбуз жана анын мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашырылуусунун маанилүүлүгүн белгилебиз келет. Өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды ушул жараянда, украин өкмөтү менен сүйлөшүүдө, бирок биринчи кезекте Орусия менен сүйлөшүүдө колдонобуз. Бирок ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун аткарылуусу олку-солку болуп турат, биз ошондой эле саясий жараянда жылыш болушуна жетишүүбүз зарыл. Биз кийинки кадамдар кандай болушу керектигин абдан деталдуу талкууладык.

Бирок Ангела Мерке кийинки кадамдар кандай болорун так айткан жок.

Ал эми президент Барак Обаманын айтымында, ал да, Германия канцлери Ангела Меркел да Украинага байланыштуу Орусияга киргизилген экономикалык санкциялар ал Минск тынчтык келишиминде алган милдеттенмелерин аткармайынча күчүндө калышы керектигине макул.

Обама жана Меркел. Ганновер, 24-апрель, 2016-жыл.

Обама жана Меркел. Ганновер, 24-апрель, 2016-жыл.

Сүйлөшүүлөрдө АКШнын жана Орусия мурда экономикалык жактан тыгыз алака-катышта болуп келген Германиянын бул туруму дагы бир жолу ырасталды. Обама Орусияга каршы санкцияларды сактоо зарылдыгын алгач Меркел менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйында айткан эле. Ал бул маселеге дүйшөмбү күнү Ганноверде эл аралык индустриалдык жармаңкенин ачылышында сүйлөп жатып да токтолду:

- Орусиянын агрессиясы европалык көз карандысыз мамлекет – Украинанын суверенитетин жана аймагын бузду. Бул биздин Чыгыш Европадагы союздаштарыбызды тынчсыздандырууда. Европанын бүтүндүгү, эркиндиги, тынчтыгы боюнча биздин көз караштарга, "кансыз согуш" аяктагандан кийин жетишилген прогресске коркунуч туудуруп жатат. Мен Орусия менен жакшы мамилени каалайм, ал үчүн мен көп нерсе сарптадым. Бирок Орусия Минск келишимдерин аткармайынча биз ага каршы санкцияларды сакташыбыз керек. Мен акыр аягында Орусия нукура улуулук коңшуларын шылдыңдоодон эмес, дүйнө менен иштешүүдөн кээлерин түшүнөт деп үмүттөнөм. Орусиянын туруктуу экономикалык өсүшүн жана орус элинин өнүгүүсүн жалгыз ушул нерсе гана камсыздай алат, - деген президент Барак Обама Европанын өзүн саясий биримдикке чакырды.

Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча экинчи Минск тынчтык келишими былтыр февралда жетишилген болчу. Европадан Германия менен Франция ортомчулук кылган келишимге төрт тарап: украин жана орус өкмөттөрү, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин өкүлдөрү жана байкоочу катары ЕККУ уюмунун өкүлү кол койгон.

Киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенко “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, келишимдин эң талылуу жана мунаса табылбай жаткан бөлүгү саясий жөнгө салууну ишке ашыруунун механизмдери:

"Донбасстагы кризисти жөнгө салуу боюнча Орусия менен Украинанын туруму принципиалдуу түрдө айырмаланууда. Азырынча мунаса табылбай жатат. Шайлоо ошол мунасанын бир элементи гана. Украина Донбасстагы жергиликтүү шайлоонун натыйжасында сепаратисттик эки республика демонтаждалуусун талап кылып жатат. Орусия болсо Донецк элдик республикасы, Луганск элдик республикасы деп аталгандар сакталып каалышын каалайт.

Ал эми шайлоонун өзү Украинанын туруму боюнча орус аскерлери бул аймактан кетип, азыр ал жакта жети миңдей орусиялык аскер бар, орус-украин чек арасына көзөмөл украин тарапка берилгенде гана өтө алат. Украин тарап бул жерде мунаса вариантты, шайлоо учурунда чек арага көзөмөл ЕККУга берилишин сунуштоодо. Анткени азыр көйгөй эмнеде? Бул чек ара аркылуу жаңы курал-жарак, ок-дары алынып келип, жикчилдер согушту улантып жатпайбы. Шайлоо аскерий аракеттер токтоп, бул аймактан орус аскерлери кетип, чек арага көзөмөл алгач ЕККУга, андан соң Украинанын өзүнө берилгенде гана өтө алат. Ал эми азыркыдай кырдаалда шайлоо өткөрүүнүн маңызы жок. Анткени анда шайлоо эч нерсени чечпейт".

Украинанын антитеррордук штабанын маалымат кызматы кабарлагандай, акыркы бир сутка ичинде эле согушкерлер 29 ирет ок чыгарышты. Алардын кеминде төртөө Минск тынчтык келишимдеринде тыюу салынган куралдан атылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG