Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Биринчи Май райондук сотуна эл чогулууда


Аталган сотто “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тергөө убагындагы баш коргоо чарасы каралат. Бул убакытка чейин Текебаев сотко алып келине элек.

Райондук сот тарапта жүргөн кабарчыбыздын айтуусунда, Ала-Тоо аянтында Өмүрбек Текебаевдин бошотулуусун талап кылып турган адамдардын бир бөлүгү сот имаратынын айланасына чогулууда. Ал эми бир бөлүгү оппозиционерлер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов камалып турган УКМКнын имаратын көздөй бет алышты.

Митингдин уюштуруучулары “Ата Мекендин” лидери бошотулмайынча нааразылык акциясын токтотпой турганын маалымдап, митингди мөөнөтсүз деп жарыялашты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңкы саат үч чамасында Стамбул-Бишкек каттамындагы учактан түшүп келе жаткан жеринен кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ага Башкы прокуратура “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери өткөн жылы Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы пикирин билдиргенден кийин бийлик тарабынан куугунтук болуп жатканын ырасташууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG