Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

АКШ-Орусия учкучтардын коопсуздугун талкуулайт


Орусиянын Су-25 согуштук учагы Латакиядагы аэродромдон абага көтөрүлүүдө. Сирия, 10-октябрь 2015
Орусиянын Су-25 согуштук учагы Латакиядагы аэродромдон абага көтөрүлүүдө. Сирия, 10-октябрь 2015

АКШнын коргоо министринин айтымында, Вашингтон жана Москва Сириянын аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо боюнча келишимди талкуулоону "тез арада" бүтүшү абзел.

Келишимдин максаты - америкалык жана орусиялык учактарынын Сириянын аба мейкиндигинде капилет кагылышып кетүүсүн болтурбоо. "Бул боюнча эки жактуу видео конференция бүгүн кеч бешимде болот", деди Пентагондун башчысы.

Мындай сүйлөшүүнүн зарылдыгы, Пентагон ишемби күнү маалымдагандай, орусиялык эки жана америкалык эки учактын Сириянын аба мейкиндигинде бири-бирине өтө эле жакын жана кооптуу аралыкта учканы менен түшүндүрүлөт.

АКШнын Багдаддагы аскер өкүлү, полковник Стив Уоррендин билдиришинче, согуштук учактар бири-бирине 16 чакырымга чейин жакындап, визуалдык таануу же визуалдык байланыш аралыгында учушкан. "Орусиялык учактар көбүнчө АКШнын дрондоруна жакын учушат", деп кошумчалады ал.

13-октябрда Пентагондун башчысы Эштон Картер Бостондо Сириядагы кырдаалга байланыштуу сүйлөп, Сирия саясаты боюнча АКШ жана Орусия башка-башка көз карашта болушканына карабай, учкучтардын коопсуздугун колдон келишинче камсыздоо жөнүндө өз ара макулдашып алуусу керек экенин айтты.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер (ортодо) Багдаддын эл аралык аэропортунда. 23-июль 2015
АКШнын коргоо министри Эштон Картер (ортодо) Багдаддын эл аралык аэропортунда. 23-июль 2015

- Орусия Сириянын аба мейкиндигинде профессионалдуу аракеттениши жана коопсуздукту камсыздоочу негизги амалдарды сакташы шарт. Биз эртең Орусия менен бул темада дагы бир сүйлөшүү өткөрөбүз. Бул талкуу болуп, эч нерсе бүткөрүлбөйт. Биз Сирия саясатында каршы-терши болгонубуз менен өз учкучтарыбыздын коопсуздугун мүмкүн болушунча камсыздаганды сүйлөшүп алуубуз абзел.

Ал эми "Интерфакс" агенттиги Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн болчу видеo-конференцияга учкучтардын Сириядагы авиаоперация учурундагы коопсуздугун камсыздоо боюнча жаңы сунуштун текстин даярдаганын кабарлады. Бул сунуштар, маалымдалганга караганда, 10-октябрда болгон видео-конференцияда жетишилген макулдашууга ылайык даярдалыптыр.

Эштон Картер Бостондогу сөзүндө Орусиянын Сириядагы аракеттерин “жаңылыш жана стратегиялык жактан көрөңгөсүз” деп сыпаттап, Вашингтон аскерий өнөктүктө Москва менен кеңири масштабда кызматташа албасын да баса белгиледи.

- Ушул чакта биз Орусиянын Сирия боюнча жүргүзгөн саясатында кеңири кызматташа албайбыз. Себеби ал “жаңылыш жана стратегиялык жактан жолу кыска. Себеби экстремизмге каршы салгылашуу Сирияда саясий бийликтин алмашуусу үчүн аракеттенүүгө такыр шайма-шай келбейт.

"Ислам мамлекети" радикалчыл тобунун өкүлү Абу Мохаммад эл-Эднани мусулмандарды газаватка чакырууда.
"Ислам мамлекети" радикалчыл тобунун өкүлү Абу Мохаммад эл-Эднани мусулмандарды газаватка чакырууда.

АКШ жана НАТОго мүчө башка мамлекеттердин ырасташынча, Орусиянын аба күчтөрү Сирияга урган соккулардын бирин-серини гана “Ислам мамлекети” тобунун өңүттөрүнө тийген. Көбү президент Башар Асадга каршы күрөшкөн байистүү оппозицияга урулган.

Мындай айыптоолорду Москва ырааттуу четке кагып, Сириядагы аскердик операциянын түпкү максаты өлкөдөгү мыйзамдуу бийликтин бекемдөө дейт.

Бул тушта “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму мусулмандарды Орусияга жана АКШ каршы газаватка үндөдү. “Мусулман жаштары мусулмандарга каршы крестүүлөрдүн жортуулун жүргүзүп жаткан орусиялыктар менен америкалыктарга жихад жарыялашы керек”, - дейт 13-октябрда жасалган аудио кайрылууда халифатчылардын өкүлү Абу Мохаммад эл-Эднани.

Ушул эле күнү Орусиянын Дамаскидеги элчиканасы минометтон аткыланды. Бул тушта элчиликтин бет маңдайында Орусиянын Сириядагы аракеттерин жактаган митинг өтүп жаткан.

XS
SM
MD
LG