Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Люксембург соту Ирандын акчасын кайтаруу талабын четке какты


Люксембург соту 22-мартта Тегерандын аресттеги 1,6 млрд долларын кайтарып берүү талабын четке какты. АКШ бул каражат 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт курмандыктарына кенемте катары төлөнүшү керектигин айтып жаткан.

2012-жылы Нью-Йорк соту 11-сентябрдагы теракт курмандыктары үчүн Иран 7 млрд доллар кун төлөшү керек, анткени бул өлкө “Ал-Каида” террор уюмуна аймагынан өтүүгө жол берген деген чечим чыгарган. Иран айыптоолорду четке кагып, эч кандай доону төлөбөсүн билдирип келет.

Ал эми 1983-жылы АКШнын Ливандагы деңиз пехотасы бомбаланып, 241 америкалык өлгөн. Ирандын Люксембургдагы 1,6 млрд доллар активи ушуга байланыштуу тоңдурулган эле. Бул иштин өзүнө байланыштуу сот чечими чыкмайын акчалар аресттен алынбай турган болду.

АКШ Жогорку соту болсо өткөн жылы Нью-Йоркто тоңдурулган ирандык 2,1 млрд долларды Ливан бомбалоосунан жабыркагандарга берүүнү чечкен. Тегеран буга каршы Эл аралык сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG