Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

АКШ-Түркия ИМ тобуна каршы күрөштү талкуулады


Эрдоган жана Тиллерсон. Анкара, 30-март, 2017-жыл.
Эрдоган жана Тиллерсон. Анкара, 30-март, 2017-жыл.

Түркия Сириядагы "Евфрат калканы" аскерий операциясын аяктаганын жарыялады. Ошол эле учурда коопсуздукка шек келтирген учурлар болуп калса дагы деле аскерий кийлигишүү ыктымалдуулугу четке кагылбады. Бул арада Анкарага АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон келип, президент Режеп Тайып Эрдоган менен Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" жана башка террордук топторго каршы биргелешкен чараларды талкуулады.

Түркиянын "Евфрат калканы" аттуу аскерий операциясы өткөн жылдын 24-августунда башталган.

Анкара танктары, учактары жана жөө аскерлери менен бул өлкөнүн өзү менен чектеш түндүк аймактарында "Эркин Сирия армиясы" аттуу куралдуу оппозициялык ири топко көмөк көрсөтүп баштаган. Максат Сириянын Түркия чектеш бөлүктөрүнөн "Ислам мамлекети" террор тобун сүрүп чыгаруу деп түшүндүрүлгөн.

Ошол эле учурда Түркия колдогон "Эркин Сирия армиясы" жергиликтүү күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуундары (YPG) менен да кармашып келген. Расмий Анкара аларды Түркиянын түштүк-чыгышында отуз жылдан бери козголоң чыгарып келген Күрд жумушчу партиясынын (PKK) жардам булагы деп эсептейт. Эки топ тең Түркияда террорчул деп табылган.

"Евфрат калканы" операция учурунда "Ислам мамлекети" террор тобунан Сириянын Жераблус шаарын боштуп, 100 чакырымдай чек ара тилкесин тазалаган. 29-мартта Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым операция ийгиликтүү жыйынтыкталды деп ырастады:

Бинали Ыйылдырым
Бинали Ыйылдырым

- Сириялыктар барып, ал жакка жайгашышты. Турмуш жашоо турукташты. Баары көзөмөлдө. Эми мындан кийин биздин коопсуздугубузга коркунуч келсе, кандайдыр кайрылуулар болсо ал жаңы аракет болот. "Евфрат калканы" ишин бүтүрдү. Мындан кийин зарылчылыктан улам жасалчу аракеттер башка ат менен болмокчу.

Түркия бул операцияга канча аскери жана куралы тартылганын ачыктаган эмес. Эми коңшу өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетер-кетпесин да Йылдырым айткан жок.

Муну менен катар Түркия "Ислам мамлекети" террор тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын курамына да кирет. Бирок ушу тапта ал топтун Сириядагы борбору делген Ракка шаарын бошотуу боюнча Түркия менен АКШ ортосунда ача пикир бар.

АКШ жогоруда түрктөр террорист эсептеген Күрттөрдүн элдик коргонуу кошууну - YPG'ны Сириядагы террористтерге каршы күрөшүүдө башкы өнөктөш эсептейт.

АКШ "Сириянын демократиялык күчтөрү" деген күрт жана араб кошуундары альянсынын Ракка шаарын "Ислам мамлекети" террор тобунан бошотууну максат кылган операциясына абадан да кургактан да колдоо көргөзүүдө. Анкара болсо Ракка операциясынан күрттөр четтетилиши керек деген турумда.

30-мартта АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Анкарага келип, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, премьер-министри Биналы Йылдырым менен жолукту.

Рекс Тиллерсон Анкарадагы басма сөз жыйында. 30-март, 2017-жыл.
Рекс Тиллерсон Анкарадагы басма сөз жыйында. 30-март, 2017-жыл.

Тиллерсон өзү сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдиргендей, алар жана Түркия бийликтери Ракканы бошотуунун "бир катар варианттарын жана альтернативаларын" иликтеп жатышат.

Мамлекеттик катчы ошондой эле АКШ менен Түркияга "Ислам мамлекети" тобун Сирияда жеңүү үчүн "оор" чечимдерди кабыл алышы керектигине да токтолду:

- Бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу, узак мөөнөттүү үч максатка негизделди: "Даишти" (ИМ тобун) жеңүү үчүн бирге иштөө, аймактагы стабилдүүлүктү бекемдөө жана биздин эки мамлекеттин экономикалык карым-катышын чыңдоо,- деди Тиллерсон.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы болсо АКШнын Сирияда күрт кошуундарына колдоо көргөзүүсү Анкараны капа кылганын ырастап, мунун эки тараптуу мамилелерге да таасири тийгенин белгиледи.

Сирияда АКШ колдогон күрт кошуунунун (YPG) мүчөлөрү.
Сирияда АКШ колдогон күрт кошуунунун (YPG) мүчөлөрү.

Тиллерсон болсо бул маселеге байланыштуу суроого жооп берип жатып, Анкара менен Вашингтондун ортосунда Сирияда "Ислам мамлекети" тобун жеңүүнүн зарылдыгы боюнча "эч кандай боштук" жок деп ырастады.

Тиллерсон Вашингтондогу жаңы администрациянын Түркияга келген алгачкы жогорку даражалуу өкүлү болду. АКШнын Сирияда күрт кошуундарын колдоосу боюнча пикир келишпестиктен тышкары эки өлкө ортосунда Фетхулла Гүлен боюнча да маселе бар.

Өткөн жылдын июлундагы аскерий төңкөрүш аракетине Анкара АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптаган жана аны өткөрүп берүүнү да талап кылган.

Гүлен өзү Эрдогандын өкмөтүнүн дооматтарын четке кагып, мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы бул маселе жетиштүү далилдер берилген соң гана караларын билдирип, Анкаранын алгачкы өтүнүчтөрүн четке каккан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Гүлендин маселесин кайрадан көтөрүп, Анкара Вашингтондон диниятчыны убактылуу камакка алуу өңдүү утурумдук чараларды күтүп жатканына көңүл бурду.

Тиллерсондун сапары Түркияда 16-апрелде президенттин ыйгарым укугун кеңейтүүнү караган референдумдун алдына да туш келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG