Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

АКШ-Түркия Ракканы алуу стратегиясын талкуулоодо


Түркия-Сирия чек арасы.
Түркия-Сирия чек арасы.

Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу операциясы уланып жаткан шартта АКШ менен Түркия Сириянын Ракка шаарын кайтарып алууда кимдин ролу кандай болушу керектигин талкуулоодо.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Сириядагы иш жүзүндө борбору болуп калган өлкөнүн түндүк-батышындагы Ракка шаарын жихадчылардан тазалоодо Түркиянын ролу кандай болуусу керектигин Анкара менен талкуулоо улантылып жатканын АКШнын коргоо министри Эштон Картер билдирди.

Картердин 2-ноябрь күнү айткандарына караганда, Раккага карай чабуулду жана шаарды курчоону ага жөндөмдүү күч жасайт.

Ал эми Түркиянын Ракканы биротоло ээлеп алуу жана андан кийинки жараяндардагы ыктымал ролу талкууланууда.

Картердин бул сөздөрү, баяндамачылардын пикиринде, АКШ Түркияны Ракканы ээлөөнүн акыркы баскычына гана аралаштырууга аракеттене турганын ишара кылууда:

- Биз Түркиянын армиясы менен Сирияда буга чейин эле активдүү иштеп жатканбыз. Муну эстен чыгарбоо зарыл. “Ислам мамлекети” тобу үчүн маанилүү шаарлардын бири –Дабигдин бошотулушу мына ошондой кызматташтыктын натыйжасы болду. Бул биздин Түркия менен өнөктөштүгүбүз жана жеринде бул иштерди аткарууга жөндөмдүү күчтөр аркылуу жетишилди. Биз ич ара сүйлөшүүлөрбүздүн алкагында Сирия, анын ичинде Ракка боюнча башка мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз,- деп АКШнын коргоо министри Картер өткөн аптада Брюсселдеги НАТО мамлекеттеринин жыйынынан кийин билдирген.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы АКШ баштаган коалиция Сириянын Ракка шаарын бошотуу операциясына даярдык көрүп жатканы жана бул жакынкы убактарда башталары да коалициянын өткөн аптада Парижде өткөн жыйынында жарыяланган.

Түркия өзү ИМ тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга мүчө. Бирок Сириядагы операцияларды аны менен өзүнчө талкуулоонун себептери бар.

Мисалы, расмий Вашингтон Сириянын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө жергиликтүү күчтөрдөн буга эң жөндөмдүү өнөктөшү катары күрттөрдүн элдик коргонуу кошууну - YPGны көрөт.

Түрк кошуундарынын Сириянын Камишли шаарчасындагы парады. 2015-жыл.
Түрк кошуундарынын Сириянын Камишли шаарчасындагы парады. 2015-жыл.

Ал эми расмий Анкара YPGны жана сириялык күрттөрдүн башка бирикмелеринин баарын террорчул уюмдар деп санайт.

Түркиянын Сирия аймагында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин чек арадан тазалоо деген өзүнчө операциясы ал жердеги күрт кошуундарына сокку уруу катары да кабыл алынган.

АКШ коргоо министри Эштон Картер белгилегендей, күрттөрдүн ошол YPG кошууну Ракка шаарын курчап, ал жердеги согушкерлерди бөлүп салуу боюнча күчтөрдүн бир бөлүгү болот.

Бирок америкалык расмий өкүлдөр ыктымал этникалык жаңжалдарга жол бербөө үчүн шаардын өзүнө араб күчтөрүнүн гана кирүүсү күтүлүп жатканын айтууда.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, америкалык тарап Анкарага алар коалиция колдогон операцияга тоскоолдук кылбоосу зарылдыгын эскерткен.

Ал эми Түркия Ракканы алуу операциясы жергиликтүү күчтөр тарабынан гана жүргүзүлүп, ага күрттөр тартылбоосу керектигин билдирип жүрөт.

Түркия армиясынын Сирияга бараткан танкалары. 25-август, 2016-жыл.
Түркия армиясынын Сирияга бараткан танкалары. 25-август, 2016-жыл.

Түрк өкмөтүнүн вице-премьер- министри Нуман Куртулмуш 1-ноябрда Анкарада мына буларга токтолду:

- Биз Ракка операциясы жергиликтүү күчтөр, легитимдүү администрация жана аскерлер тарабынан жүргүзүлүүсү керек деп эсептейбиз. Түркиянын Ракка операциясы боюнча туруму ачык-айкын. Бул операцияны Мосул операциясы жана Түркиянын Евфрат калканы операциясы аяктагандан кийин өткөрүү стратегиялык жана аскерий жактан жакшыраак болмок.

Раккага операция качан башталары азырынча айтыла элек. Буга чейин эгер Мосул шаары бошотулса, андан качкан жихадчылар Сириянын Ракка шаарына чогулушу мүмкүн деген кооптонуулар да чыккан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG