Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Клинтон менен Трамптын экинчи беттеши


Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп.
Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлер экинчи дебатын өткөрдү. Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон менен Республикачылар партиясынын талапкери Дональд Трамп дүйнөлүк саясаттан тартып, жеке жүрүм-турумдарына чейин айтышты. Бул дебаттын алдында Трамптын 11 жыл мурун кыз-келиндердин дарегине айткан орунсуз сөздөрү жарыяланып, чоң жаңжал жараткан эле.

Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп 9-октябрда Сент-Луис шаарындагы Вашингтон университетинде беттешти.

Кыйла эле курч башталган айтышуу 2005-жылы жазылып алынган видеоматериалга өттү. Ал материалда Дональд Трамп “аялдарга сөйкөнүп, тийишип жиберери” тууралуу мактанып жатканы тартылып калган.

Хиллари Клинтон бул материал “чыныгы Трампты” көрсөттү деп, анын “аялдарды кемсинткени жана эркектаналык” мүнөзү президенттик кызматка татыксыз экенин айгинелейт деп белгиледи.

Бул айыптоолорго жооп кылган Дональд Трамп 11 жыл мурунку сөздөрү үчүн өкүнүчүн билдирип, Хиллары айымдын жолдошу, АКШнын мурунку президенти Билл Клинтондун жүрүм-турумун эске салды:

- Ал кийинип-чечинген жерде айтылган сөз болгон. Аны менен сыймыктана албайм. Мен адамдарга, үй-бүлөмө жана бул мамлекеттин элине өтө чоң урмат менен мамиле кылган адаммын. Албетте, мен ал окуя менен сыймыктана албайм. Бирок болор нерсе болгон. Эгерде сиз Билл Клинтонду карап көрсөңүз, ал андан жаман болгон. Ал айтып эле калбай, андай иштерди колу менен жасаган. Ал аялдарды кордогондой мамилени бул өлкөнүн тарыхында бир дагы саясатчы жасаган эмес. Ал окуя боюнча эмне айткыңыз келсе, айта бериңиз, бирок Билл Клинтон аялдарды кордогон. Хиллари Клинтон ал аялдарга албууттанып чабуул жасаган.

Атаандаштар Сирия согушу жана Орусия менен мамилеге да токтолду. Хиллари айым Сириядагы абалды катастрофалык деп атап, Орусия Сирияда “Ислам мамлекетине” каршы күрөш эмес, Асад режимин сактоого умтулууда деп айыптады:

- Сирияда катастрофалык кырдаал. Ирандын жерден, Орусиянын абадан колдоосу менен Сирия режими ал жерлерди, анын ичинде Алеппону күн сайын бомбалап жатат. Ал жерде жүздөгөн, миңдеген адамдар, болжол менен 250 миңдей киши бар. Орусиянын аба күчтөрү менен Алеппону талкалап, Ассад режими ага каршы турган козголоңчуларды жок кылууну көздөөдө. Орусия “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкө эч көңүл да бурган жок. Анын кызыкчылыгы Асад режиминин бийлигин сактоо болуп жатат.

Хиллари Клинтон зарыл болгон учурда мамлекеттик катчы катары орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, маселе чечип келгенин эске салды. Ошол эле учурда Орусияга таасир этүү үчүн рычагдар болушу керек деген Клинтон айым, Сирияда союздаштар менен иштөө, өзгөчө күрт күчтөрүн колдоого артыкчылык берүүнү жактады. Ал Орусия жана Сирия күчтөрүнүн Алеппону бомбалоодо аскерий кылмыш жасоо ыктымалдыгын иликтөөнү колдоого алды.

Дональд Трамп өз кезегинде Орусия жана Асад “Ислам мамлекетине” каршы күрөшүп жатат деген пикирин айтты:

- Мен Асадды жактырбайм. Бирок Асад “Ислам мамлекетин” жок кылууда. Орусия да “Ислам мамлекетин” жок кылууда. Иран дагы “Ислам мамлекетин” жок кылууда. Биздин тышкы саясат алсыз болуп жаткандыктан, бул үчөө алдыга чыгууда.

Дональд Трамп Путинди тааныбастыгын, бирок ИМге каршы күрөштө Орусия менен бирге болуу туура болорун кошумчалаган. Ал эми Орусия хакердик чабуулдун артында турат, АКШда шайлоого таасир этүүнү көздөөдө деген сөздөр мени жаманатты кылууга багытталган дейт Трамп.

Клинтонго электрондук каттары боюнча чабуул жасаган Трамп, мен президент болуп калсам, ал каттар үчүн “ордуң абакта болот” деди. Хиллари айым өз кезегинде, электрондук каттар үчүн катачылыгын мойнуна аларын жана жооп берерин белгилеген. Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы кезинде менчик почтасы аркылуу 30 миңдей кат жөнөткөнү үчүн сынга алынып келет.

АКШ президенттигине талапкерлер ортосунда 19-октябрда дагы бир теледебат өтөт. Президенттик шайлоо 8-ноябрда болот.

Клинтон менен Трамптын экинчи телетаймашы. “Америка добушу” радиосунун видеосу:

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG