Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Капитолийде ок атылды


Капитолийдеги окуядан кийин. 28-март, 2016-жыл.
Капитолийдеги окуядан кийин. 28-март, 2016-жыл.

Вашингтондо АКШ конгресси жайгашкан Капитолийге белгисиз киши ок чыгаргандан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

28-март күнү Капитолийдин туристтер үчүн ачылган борборунда болгон окуяда олуттуу жараат алгандар жоктугуна карабай, ядролук коопсуздукка арналган саммит алдындагы бул чабуулдан улам федералдык жана шаардык башкаруу аймактарында ыктымалдуу кол салууларга каршы чаралар көрүлө баштады. Капитолийге ок аткан киши кармалганы кабарланууда.

Дүйшөмбү күнү ок атылган маалда Капитолийдин алдына Пасха майрамына карата миңдеген балдар ата-энелери менен топтолуп жаткан. Reuters агенттиги күбөлөргө таянып билдиргендей, имараттын ичиндегилерге жер төлөгө кирүүгө үн күчөткүч менен эскертүү берилген. Конгресс майрамга байланыштуу бул күнү иштеген эмес.

Лос-Анжелестен келген турист Жей Бласки ал кездеги абалын минтип сүрөттөйт:

- Аябай коркунучтуу болду. Капилет келген өлүмдү жон териң менен сезет экенсиң. Жаныңда туугандарың, балдарың жүрөт. Алардын жүзүндөгу коркууну көргөндө, эмне кыларыңды билбей каласың.

Капитолий имаратына атылган октон бир полиция кызматкери жараат алганы кабарланган. Кийинчерээк күч кызматкерлери арасында жарадар болгондор жок экени тууралуу маалымат кабарланды.

Associated Press агенттиги ок аткан адам колго түшкөнүн жазып чыкты. Бирок анын тек-жайы жана башка кошумча маалыматтар азырынча айтыла элек.

Капитолий полициясынын башчысы Мэтью Вердерос окуя тууралуу буларды билдирди:

- Менин жанымда турган аял жараат алып, ооруканага алып кетишти. Полиция кызматкерлеринен эч ким жарадар болгон жок. Кылмышкер жалгыз болчу. Капитолийде көптөн бери таанымал. Анын кадамын кылмыш иши катары кароого болот.

Вашингтондогу WTOP радиосу кылмышка шектүү жаран тапанчасын чыгарган кезде ага офицерлер ок атып, жарадар кылганын маалымдады. Ал азыр ооруканада болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Ок атылган кезде саякаттап жүргөн туристтер мылтык үнүн укканда эмне кыларын билбей, коопсуз жерге жашырынганын белгилешет. Калифорниядан келген турист Элли мындай деди:

- Мен мектепте мугалим болуп иштейм. Биз тез-тез эвакуация боюнча машыгуудан өтүп турабыз. Капитолийдин коопсуздук кызматкерлерине ыраазымын, алар чыныгы адистер экен. Бизге жардам беришти.

Жергиликтүү булактар окуядан улам Капитолий жайгашкан районго жакын бир канча кварталдарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Конгресс имараты курчоого алынганын жазып чыгышты. Капитолийдин туристтер үчүн ачылган борборуна жакын жерге тез жардам унаалары келген.

Окуядан кийин бир саат өткөндө Вашингтондун шаардык полиция департаменти “бир эле жолу ок атылганын” Твиттерге жазды жана адамдардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жок экенин билдирди.

22-мартта Брюсселде 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган теракттан соң Вашингтондогу бул ок атуу жарандарды сарсанаага салганын америкалык басылмалар кабарлоодо.

Пасха майрамына байланыштуу жыл сайын өтчү Cherry Blossom фестивалын көрүүгө Капитолийдин туристтик аймагына дүйнөнүн көптөгөн жеринен саякатчылар келет.

Вашингтон кийинки аптада ядролук коопсуздук боюнча дүйнө лидерлеринин саммитин өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Маалыматтарга караганда, федералдык жана шаардык башкаруу аймактарында ыктымалдуу кол салууларга каршы алдын алуу иштери башталды.

XS
SM
MD
LG