Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Рабия Кадыр: Кытайда уйгурлар жоголуу коркунучунда


Рабия Кадыр Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин төртүнчү жыйынында сүйлөп жатат, Токио, 14-май, 2012
Рабия Кадыр Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин төртүнчү жыйынында сүйлөп жатат, Токио, 14-май, 2012

Уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин сүргүндө жүргөн жетекчиси Рабия Кадыр Кытай бийликтеринин репрессивдүү саясатынан Шиңжаң провинциясындагы уйгур эли жоголуу коркунучунда турганын айтты.

Бүгүн Токиодогу конференцияда сүйлөп жатып, Рабия Кадыр Кытайдын бийликтерин “уйгурларды күч менен ассимиляциялоону такай улантууда” деп айыптады.

Ал дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, дайыма эле Кытай менен соода-сатыктагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сүйлөшпөй, бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалына да көңүл бурууга чакырды.

“Кытайдын өкмөтү эркиндикке жана адам укуктарынын сакталышына жетүүгө аракет кылып жаткан уйгур элин атайылап күч менен ассимиляцияга түртүп жаткандыктан, биз жоголуу коркунучунда турабыз, - деп билдирди Рабия Кадыр. - Дүйнө азыр Кытай менен адам укуктары жөнүндө эмес, акча, соода жөнүндө гана сүйлөшүүнү каалап турган ушул учурда, Кытай регионалдык үлкөн күчкө айланып бараткан чакта биз же жок болобуз, же бар болобуз деген эле суроонун алдында калдык”.

Дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн чогулган уйгур активисттери өздөрүнүн көз карандысыздыкка карай аракеттери тууралуу сүйлөшүш үчүн Токиодо беш күндүк конференцияга чогулушкан. Алардын ишениминде, Кытай өкмөтү уйгурлар отурукташкан Шиңжаң облусуна этникалык кытайларды массалык көчүрүп, муну менен уйгурлардын санын азайтуу саясатын жүргүзүп жатышат.

Соңку жылдары бул облуста кокусунан чыккан түрдүү жаңжалдар кан төгүүлөр менен коштолуп келди.

8,7 млн. уйгур калкы Кытайдын Борбор Азия, Орусия жана Ооганстан менен чектешкен Шиңжаң аймагында отурукташат жана түрк тилдүү элдердин катарына кирет.

Расмий Бээжин болсо Шиңжаңдагы элдин камын жеп, турмуш деңгээлин жакшыртып, экономикасын көтөрүш үчүн толтура каражатты жумшап жатканын билдирүүдө.

Шиңжаңдын өзүнүн бийликтери элди иш менен камсыз кылуунун жаңы аракеттерин башташканын айтышты. “Баардык ишканалар менен долбоорлорго жалаң улуттук азчылыктын өкүлдөрүн гана алгыла” деген көрсөтмө да болгонун айтышкан. Бирок уйгурлардын айтымында, мындай талаптардын баары эле аткарыла бербейт.

Рабия Кадыр Кытайдагы азчылыктардын абалына токтолуп, дагы эки башка улуттун өкүлдөрү – Тибет менен Ички Монголиянын элдери – уйгурлардай эле кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айтты.

“Азыр Тибетте канчалаган адам өзүн өрттөп өлтүрүп жатканын көрүп жатасыңар, монголдор кандай кыйналып жатканын билесиңер. Биздин элибиз да мыйзамсыз өлтүрүүлөргө, туткундоого, күч менен депортациялоого, экономикалык эксплуатациялоого, маданий жок кылууга кабылып жаткан чагы”, - деди конференцияда Рабия Кадыр.

Кытай болсо Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси уюмун “бөлүп-жаргыч” бирикме деп билет жана Рабия Кадырга виза берген Жапонияны да айыптады.

“Шиңжаң” кытайчадан которгондо “жаңы чек” дегенди билдирет. Бул регион эки ирет – 1930-жылы жана 1944-жылдан 1949-жылга чейин Чыгыш Түркстан Республикасы катары – кыска мөөнөткө көз карандысыздык алган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG