Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Текебаев: Шыкмаматовдун иши оппозициялык ишмердигине байланыштуу


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Депутат Алмамбет Шыкмаматовго каршы бийлик айласы кеткенде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтуусунда, кылмыш иши Шыкмаматовдун оппозициячыл ишмердиги менен түздөн-түз байланыштуу.

- Бийлик айласы кетип, эч нерсе таппай калганда, жалган жалаанын негизинде кылмыш иш козгомойго өттү. Президент Атамбаев бийликтен кеткен соң ага кылмыш козгоого ондогон негиздер болот,- деди Текебаев.

17-февралда Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иш козголду. Шыкмаматовго Эсеп палатасында аудитор болуп турган учурунда тендер өткөрүүдө мыйзамдарды бузган деген кине тагылууда.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, 2011-жылы Эсеп палатасы кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзгөн. Бул комиссияга Алмамбет Шыкмаматов да мүчө болуп кирген. Комиссия “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзамды бузуп, тендер өткөрбөстөн кызматтык унааларды жеке жактардан сатып алган. Сатып алынган унаалардын бири Шыкмаматовдун жубайына катталганын прокуратура маалымдады.(BkA)

XS
SM
MD
LG