Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Өзбек абагындагы кыйноого каршы акция өтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Европада Өзбекстандагы кыйноолорго каршы бир айлык акция 26-июнда башталды. “Ким күнөөлүү, кезекте ким?” деп аталган акцияны Европада баш калкалап жүргөн өзбекстандык укук коргоочулар биргелешип уюштурушууда. Алар ушундай жол менен Өзбекстандагы кыйноолорго дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, адам укугунун кордоочуларга тоскоолдук кылышмакчы.

Франциядагы "Оттуу жүрөктөр" клубунун жетекчиси Мутавар Тажибаева Өзбекстандагы адам укуктарынын корголушуна дүйнөлүк коомчулук көңүлүн буруу зарыл экенин белгилейт.

- Өзбекстандагы режим адам укуктары боюнча акцияларды өлкө ичинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Ансыз деле азыр Өзбекстанда укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү аз калган. Көбү камалып кетти. Көбү бизге окшоп сыртта жүрүшөт. Биз бир ай бою өзбек бийлигинин адамдарга каршы жасап келаткан кылмыштарын дүйнөлүк коомчулуктун эсине салалы дедик. Анткени эл таралык укук коргоо уюмдары да Өзбекстандагы активисттерди унутуп койгондой таасир калтырып жатат. Мындай акциянын натыйжасында өзбек бийлигинин элге каршы кылмыштары өздөрүн бир аз болсо да ойлонтот деп үмүттөнөбүз.

Өзбекстанда адам укуктарынын корголушуна байланыштуу долбоорлордун аткарылышына режим жол бербей келет. Маселен, эл аралык “Кызыл чырым” уюму Өзбекстанда адам укуктарын коргоо долбоорлорун аткаруудан майнап чыкпайт деген жүйө менен андагы ишмердүүлүгүн токтотуп салганына эки жыл болду. Бул сыяктуу дооматтарды өзбек бийлиги караманча танып келет.

Өзбек абагындагы саясий туткундар
Өзбек абагындагы саясий туткундар

Алар өлкөдө бир да саясий туткун жок, түрмөлөрдө кыйноолор болбойт деген билдирүүлөрдү эл аралык трибуналардан байма-бай айтып келишет. Деген менен өзбек режиминен качып, учурда чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн өзбекстандык укук коргоочулар расмий бийликтин билдирүүлөрүн төгүндөгөн фактыларды тынымсыз жарыялашууда. Ушул эле “Оттуу жүрөк” уюмунун жетекчиси Мутавар Тажибаева кыйноолор боюнча мисалдар улам жаңыланып жатканын айтты.

- Өзбекстандагы кыйноо курмандыктарынын бир мисалы мен. Бухаралык Илхам Ибадов деген ишкер жаканда эле улуттук коопсуздук кызматкерлерине пара бербей койгону үчүн тергөө абагында кыйноодон өлдү. Анын туугандары арыз жазбаган жери калган жок. Мамлекеттик мекемелерден аларга 157 жооп кат келиптир. Бирок биринен да майнап чыкпай жатат. Ишкердин түрмөдө өлтүрүлүшү боюнча бир дагы кызматкер жазаланган жок. Укук коргоо органдарынын кылмыштарын далилдеген фото, видео жана аудио материалдар жетишерлик экенине карабай, өзбек бийлиги кылмышын улантып келет.

Өзбекстан түрмөлөрүндө учурда канча адам саясий туткун болуп жатканы тууралуу так маалымат жок. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматтарында өзбек түрмөлөрүндө саясий туткун катары камалып жаткандардын саны 7 миңден 12 миңге чейин экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG