Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Марин Ле Пен Орусиядан санкциялардын алынышына аракет кылат


Франциянын президенттигине талапкер Марин Ле Пен.
Франциянын президенттигине талапкер Марин Ле Пен.

Франциянын президенттигине талапкер Марин Ле Пен Орусияга каршы санкциялардын алынышын жана “кара тизменин” жоюлушуна аракет кылат. Бул тууралуу Марин Ле Пен айым Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Москвада жолугуп жатып билдирди.

Ле Пен кошумчалагандай, Орусия менен Франция терроризмге каршы бирге күрөшүүсү керек.

“Биздин эл күчүн бириктирип, аларга каршы туруусу керек”, - деди ал.

Бир күн мурда Ле Пен Мамдуманын чакыруусу менен терроризмге каршы орус-француз кызматташуусун талкуулоо үчүн Москвага келери маалым болгон.

Володин менен Ле Пендин жолугушуусу 23-апрелде Францияда өтө турган президенттик шайлоонун биринчи айлампасына туура бир ай калганда өттү.

Франциянын “Улуттук фронт” ашынган оңчул партиясынын лидери Ле Пен бир нече ирет Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышка чакырып, Москванын Крымды аннексиялап алышын туура көрөрүн айтып келген.

Эки ай мурда АКШнын атайын кызматтары Кремл Францияда жана Германияда өтө турган президенттик шайлоолорго кийлигишүү аракетин көрүп жатканын жазган. Кремл бул дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG