Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Өзбекстан: "Ак алтындын" азары


Өзбекстан пахта талааларында жаш балдарды мажбурлап иштетип жатканы үчүн көптөн бери сындалып келет

Өзбекстан пахта талааларында жаш балдарды мажбурлап иштетип жатканы үчүн көптөн бери сындалып келет

Ушул аптада (13-14-октябрда) Ташкенде пахтанын эларалык жарманкеси өттү. Дүйнөнүн 35 мамлекетинен 300 ашуун ишкананын Ташкенге келген өкүлдөрү өзбек пахтасын сатып алуунун жолдорун сүйлөшүү үчүн чогулушту. Ар арада адам укугун коргоочулар Ташкенге өкүлдөрүн жиберген ири компанияларга кайрылып, аларды бул өлкөдөн пахта албоого, анткени бийликтер аны теришке жаш балдарды мажбурлап иштетип жатканын билдирип жатышат.

Өзбек өкмөтү быйылкы алтынчы жарманкеде пахтаны экспорттоо боюнча жарым миллиард долларга келишим түзүлөт го деп үмүттөнөөрүн билдирген.

Быйыл да Ташкендеги пахта жарманкеси Өзбекстанда пахта терими кызып турган учурга туш келди. Жарманкеге, адаттагыдай эле, Индиянын, Бангладештин, Кытай менен Түштүк Кореянын, Орусиянын, иши кылып, өзбек пахтасын дайыма алып жүргөн тигүүчүлүк тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн ишканалары катышты. Бирок бул ирет Европа жана АКШдагы айрым тигүүчүлүк ишканаларынын өкүлдөрү Өзбекстанга келишкен жок. Алар “Өзбек бийликтери пахтаны жаш балдарга тердиртип, аларды эксплуатациялап жатышат” деп, өзбек пахтасына бойкот жарыялашкан.

Бааланбаган балалык

Британиядагы “Табият акыйкаттыгы корунун” расмий өкүлү Жулия Уиллиамс - дүйнөдөгү ири тигүүчүлүк ишканаларын мына ушундай жооп берүүгө үгүттөп келаткандардан.

“Ишканалар сапаттуу пахтаны арзан сатып алууну каалашат. Бирок биз бул пахта Өзбекстанда кандай жолдор менен өндүрүлүп жатканын ошол ишканалардын эсине салып койгубуз келет, - деди укук коргоочу. - Өкмөт пахта өндүрүшүндө жаш балдардын эмгеги колдонулуп жатканын такыр четке какканы менен, абал өзгөргөн жок. Бул өлкөдө балдарды талаа иштерине тартуу көп жылдардан бери уланып келатат. Өзбекстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарбай, балдардын азаптуу мээнетинен миллиондогон доллар пайда көрүп жатат”.

Мечиттердин имамдары пахтанын жакшы топтолушу үчүн атайын дуба окуй башташты
Өзбекстандык укук коргоочу Елена Урлаева: “Облустук баардык мектептердин окуучулары бир айдан бери талаада пахта терүү менен алек. Өзгөчө, буга 7-9-класстын окуучулары, колледж студенттери тартылган. Мен аны өз көзүм менен көрүп, сүрөткө да тартып алгам. Бизде өкмөт балдар пахта теришпейт деп, муну жашырып жатканына карабай, азыр мектептер жабык. Окуучулар, мугалимдер, - баары талаада”.

“Ушуга карабай, Европадагы айрым ишканалар өзбек пахтасын алып жатышат”, - дейт Берлиндеги “Адам укугун коргоо” уюмунун өкүлү Ивон Веитниң.

“Биздин чакырыктарга карабай, Европадагы бир топ бизнес ишканалары өзбек пахтасын сатып алышууда. Биз аларды дагы бир ирет мындан баш тартууга чакырабыз. Биздин ишенимибизде, ал өлкөдө жаш балдарды пахта талааларында иштеткенди токтотууга бул жалгыз гана жол”, - дейт укук коргоочу Ивон Веитнинг.

“Ак алтынга” жаңыча мамиле

Өзбекстан - дүйнөдө пахта өндүргөн эң ири алты мамлекеттин бири, аны экспорттоо боюнча экинчи орунда турат. Жумурият былтыр 760 миң тонна пахтаны экспорттогон. Быйыл эми экспорттун көлөмүн 60 миң тоннага кыскартып, аны кайра өндүрүүнү өзүндө өнүктүрүүгө басым жасай турганын шаршембиде жарманкенин ачылышында өлкөнүн Экономикалык тышкы байланыш, инвестициялар жана соода боюнча министринин орун басары Насриддин Нажимов айтты.

Е.Урлаева: "Мектептер жабык, окуучулар талаада иштеп жүрүшөт"
Пахта өзү мурдатан эле Борбор Азиядагы бул мамлекеттин экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп келген. 1980-жылдары пахта өндүрүү бул республиканын ички дүң продуктусунун 65% түзүп турчу. Бул тармакта өлкөдөгү жумушка жарамдуу калктын кеминде 40% иштеген. Анткени өлкөдө пахтаны өстүрүү, кийин жыйнап алуу иши негизинен колдо жасалат.

Ошондон бери абал анча деле өзгөргөн жок. Азыр деле Өзбекстанда пахта өндүрүүдө, аны сатууда мамлекет монополист бойдон калууда. Андыктан дыйкан-фермерлер мамлекеттин жерин ижарага алып пахта эгишсе да, аны өстүрүүдө, жыйноодо бюджеттен айлык, пенсия, стипендия, пособие алгандардын баары катышууга милдеттүү. Ар бир район, дыйкан өзүнүн нормасын мамлекетке учурунда тапшырбаса, жазага тартылат. Ошондуктанбы, айтор, бийликтер өтө катаал чараларга барган учурлар бар.

Салакасыз салык жок

Чынында эле пахта жыйымы боюнча белгиленген норманы толтуруш үчүн жергиликтүү бийликтер катаал, кээде акылга сыйбаган аракеттерге барып жатышканын “Азаттыктын” Өзбекстандагы угармандары айтышууда.

Сурхандарыя облусунун Ангор районунда, маселен, азыр пахта теримин тезирээк нормасына жеткириш үчүн бийликтер элди түнкүсүн да трактордун, автобустун жарыгы менен иштетип жатышыптыр. Бул тууралуу “Азаттыкка” ангорлук аксакалдардын бири айтты. Негизи, ал жакта карапайым элге май, ун сыяктуу зарыл болгон азык-түлүктүн 10 түрү арзандатылган баада берилет. Бирок азыр пахтаны жетиштүү топтобогондорго “салык” салып коюшкан.

“Азыр бюджеттен жөлөк пул алгандар күнүнө 10 килограммдан пахта жыйнап бериши лаазым. Аны бербейм десе, күн сайын 1000 сумдан (жарым доллардай болот) акча төгүп турушу керек. Эгер аны да бербесе, пахта да жыйнабаса, анда арзандатылган баада ун да, май да, анан мамлекеттен жөлөк пул да алышпайт, - дейт биз менен байланышкан аксакал. - Биздин мамлекет мындай акылга сыйбаган талаптары менен кандай коомго кирет өзү? Бул капитализмби, социализмби, же бюрократиябы?”.

Той алдынан пахта тер!

Жиззах облусунда болсо баш кошуп, той күнү достор менен шаар айланганы чыккан түгөйдү жакында күтүүсүз жерден милиция токтотуп калып, үйлөнгөндөрдүн жоро-жолдошторунун ар бирин 10 килограммдан пахта тердирткен. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек редакциясына жиззахтык Зиедилло Раззаков кабарлады.

“Ал келиндин дос-кызы болуп биздин айрым кошуналарыбыз да барышкан эле, - деди бул угарман. - Анан аларды милиция токтотуп, келин менен күйөөдөн башка баарын талаага алып барыптыр да, иштетиптир. Алар тойго барабыз деп, жасанып алышкан да. Ошол кийими менен пахта тердиртишиптир”.

Бирок бул маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да, милиция да четке кагышты.

Дубаланган үгүт

Пахта терүүгө элди үндөш үчүн Наманган облусундагы мечиттерде имамдар намаздан кийин “пахта жакшы топтолсун” деп атайын дуба окушат экен. Бул жөнүндө намангандык Мухиддин айткан.

“Мечитке барсаңыз, имамдар жалаң пахта жөнүндө сүйлөшөт. Баамдат намазына барасызбы, куптанга барасызбы, же жума намазга барасызбы, айтор, качан мечитке кирбеңиз, пахта жөнүндө дуба айтылат. Анан “Эмнеге эле мынча көп сүйлөйсүңөр?”, - десеңиз: “Пахта бизге маанилүү. Адам төрөлгөндө да пахта менен төрөлөт. Өлгөндө да кепини пахтадан”, - деп жооп беришет”, - дейт Мухиддин.

“Пахтакорчулар” эмес, пахтачы футболчулар

Өзбекстанда пахта өнөктүгүнө байланыштуу дагы башка окуялар көп айтылууда. Сурхандарыяда милиция кызматкерлери дубинканы эми фартукка алмаштырып, пахта тергени талаага чыгышса, Каршида болсо футболчулар топту пахта талаасында тепмей болушкан окшойт. Бул жөнүндө жергиликтүү тургандардын бири Гүлшан Караева айтты.

“Азыр пахтага даават күчөдү. “Насаф” футбол командасынын футболчулары да талаага чыгып кетишкен, - деди Г.Караева. - Бул жөнүндө Кашкадарыянын гезити да жазган. Иши кылып, азыр бюджеттен акча алгандардын баары: мугалимдер, врачтар, аскерлер, - баары пахтада жүрүшөт”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG