Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Өзбекстанда элди сериалдар менен алаксытышат


Жаңы өзбек сериалдары чыныгы турмушту көрсөтөбү?
Жаңы өзбек сериалдары чыныгы турмушту көрсөтөбү?

Өзбекстанда чет элдик сериалдардын ордуна өзбек маданиятын даңазалаган алты көп сериялуу тасма тартылып жатат.

Айрымдар муну элдин көңүлүн оор проблемалардан алаксытуунун жолу дешет.

Борбордук Азия регионунун дээрлик баардык мамлекеттерин бүгүн өзбек киночуларынын жеңил-желпи мелодрамалары, Индиянын киносундагыдай эмоцияга негизделген тасмалары басып кетти. Кыргызстандык көрармандардын катарында да “Супер келинчак”, “Фатима жана Зухра”, “Севинч” деген тасмаларды билбегендер аз болсо керек.

Эми болсо Өзбекстандын мамлекеттик сыналгы каналдары – “Өзбекстан” жана “Ешлар” үчүн чыныгы өзбек маданиятын даңазалай турган сериалдар даярдалып жатат. Максат – азыр өзбектер арасында популярдуу болгон мексикалык, түштүк кореялык жана түркиялык сериалдарга атаандашуу.

Эми көрсөтүлө турган алты сериалдын ичинде “Үйлөнбөгөн жуучу”, “Аялдар сүйлөгөн тил”, “Чемпион болуу үмүтү” аттуу тасмалар бар. Алардын ар бири 25-30 сериядан турат.

“Өзбекстанда 1990-жылдардын башынан тарта чет өлкөлүк сериалдар көрсөтүлүп келди. Азыр эми алардын ордун кадимки өзбектердин турмушун баяндаган фильмдер менен алмаштыра турган мезгил келди”, - дейт “Узбектелефильм” мамлекеттик ишканасынын режиссеру Феруза Турахожоева.

“Биз өзүбүздүн улуттук аң-сезимибизге, каада-салттарыбыз, маданиятыбызга жараша телевизиондук сериалдарды тарталы деп жатабыз. Качанга чейин корейлердин же түрктөрдүн баалуулуктарын үйрөнөбүз? Биз өзүбүздүн маданиятыбызды жайылтышыбыз керек, - дейт режиссер. - “Үйлөнбөгөн жуучу” тасмасы дал ушу өзүбүздүн маданиятка тиешелүү үйлөнүү, тойго даярдык, кошуначылык өңдүү баалуулуктарды көрсөтөт”.

Ошол эле учурда “Узбектелефильм” өзбек коомундагы чыныгы турмушту көрсөтпөй, аны көркөмдөп, кооздоп, элдин көңүлүн оор көйгөйлөрдөн алаксытууга аракет кылат дегендер да жок эмес.

“Өлкөдө чынында сөз эркиндиги урматталбай жаткан чакта көп сериялуу тасмалар да ошондой эле маанайда чыгат”, - дейт “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, белгилүү жазуучу жана кинорежиссер Олим Отахон.

“Өзбекстанда үч гана нерсени - жердин түбүндөгү, космостогу жана кыялдагы жашоону – гана тарта аласың. Башка нерсени тартууга мүмкүн эмес”.

Бирок ташкендик журналист Шароф Убайдуллоев бул фильмдер тууралуу кабарды жылуу кабыл алганын, анткени ал аркылуу өзбектер өздөрү, улуттук каада-салттары жөнүндө жакшы ойлоно башташат деп ишенээрин айтты. “Ошол эле учурда тасмалар карапайым калктын күнүмдүк турмушундагы жумушсуздук, миграция өңдүү маселелер менен байланышпаса, булар да бир күндүк фильмге айланат”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG