Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Өзбекстанда жайларга адам ысмы коюлбайт


Мурун Собир Рахимовдун атын алып жүргөн метро станциясынын аты азыр "Алмазар" деп өзгөртүлгөн
Мурун Собир Рахимовдун атын алып жүргөн метро станциясынын аты азыр "Алмазар" деп өзгөртүлгөн

Өзбекстанда эми шаар-кыштактар, региондор, көчөлөр менен имараттарга адам ысымдары жана белгилүү тарыхый окуялар менен атоого тыйуу салынды. Тийиштүү буйрукка президент Ислам Каримов ушул аптада кол койду.

Жаңы буйрукка ылайык, аба майдандары, темир жол жана автовокзалдар мындан ары кайсыл шаарга тийиштүү болсо, ошондой аталышы лаазым. Маселен, Ташкен аэропорту.

Өлкөнүн өнүгүшүнө тарыхта өзгөчө салымы бар айрым гана инсандардын ысмын койгонго уруксат берилет. Маселен, 15-кылымдагы акын Алишер Навоинин ысмын алып жүргөн шаар бар.

Көптөн күткөн буйрук

Өзбекстан Жер ресурстары, геодезия, картография жана мамлекеттик кадастр комитетинин илимий борборунун башкы адиси Сүйүн Караев “Азаттыктын” өзбек редакциясына сүйлөп жатып, жаңы чыгарылган буйрукту колдоду.

“Биз көп жылдан бери географиялык аймактарга адамдардын ысымдары берилбешин талап кылып келдик. Анткени тарых өзгөрүп турат, тигил же бул инсандын иши белгилүү мезгилден кийин унутулуп калат, - дейт профессор. - Ошондуктан өзгөчө салымы менен өзбек элинин тарыхына өчпөс из калтырган Абу Али Ибн Сина, Алишер Навои, Ал Фараби, Ал Бируни өңдүү улуу инсандардын ысымдарын бергенге болот. Ал эми Совет доорунда же андан кийин эл башчылары болуп иштегендердин же Эмгек баатырларынын аттарын жерлерге койбош керек деген талап азыр эми мыйзамый күчкө ээ болду. Бул да идеология болгон. Ошондон баш тартып, жерлерди атоодо саясаттан ыраак болушубуз шарт”.

Анын ишениминде, мындан ары айыл-кыштактарга, шаарларга ат берүүдө адамдын кандай кызматты ээлегенине эмес, элге жасаган эмгегине жараша мамиле кылган оң.

Деидеологизация

“Дегинкиси, айылдарды, көпүрөлөрдү кимдир бирөөнүн аты менен атоо деген көрүнүш мурдатан эле болуп келген. Бирок мурда ысым берүү деген ошол адамдын ишине карап берилчү. Маселен, кимдир бирөө көпүрө салса, аны ошол кишинин ысмы менен аташкан, же айылдын өнүгүшүнө зор салым кошсо, ал айыл ошол инсандын атын алып калган, - деген Караев, - ал учурда бул иш саясат менен байланыштуу эмес эле, - дейт. - Эч кандай буйругу жок эле ысым элдин оозунда айтылып жүрүп эле калып калган. Бирок Советтер Союзунун доорунда, баары саясатташып кеткен кезде, Лениндин ысмы Өзбекстандын өзүндө эле 400 жерге коюлду. “Ленин”, “Ильич”, “Ульянов” дегендер көбөйгөн”.

Өзбекстанда бул өңдүү чараны парламенттин төмөнкү палатасы быйыл мартта, ал эми жогорку палата августта кабыл алган.

Бул өңдүү буйрук чыгарууга эмне себеп болгону айтылган жок. Бирок профессор Кораев бул чараны ири иштин башталышы катары сыпаттады.

“Бул иш массалык түрдө өткөрүлөт. Маселен, эски саясаттын изи калган мурдагы “кызыл топонимдер” болсо, аларга каршы күрөш улана берет. Аларды жоготуш керек! Алардын оордуна жалпы элдик, элдин оозундагы ысымдар болушу керек”, - деди Өзбекстан Жер ресурстары, геодезия, картография жана мамлекеттик кадастр комитетинин илимий борборунун башкы адиси Сүйүн Караев.

Тарыхтын аты

Өзбекстан эгемендикке ээ болгондон кийин өлкөдө коммунисттик партия менен байланышы бар ысымдардын дээрлик баары өзгөртүлгөн.

1993-жылы коңшулаш Түркмөнстанда ошол туштагы президент Сапармурат Ниязовдун килейген эстеликтери тургузулуп жаткан чакта өзбек президенти Ислам Каримов көзү тирүү адамдарга эстелик койгонго өз өлкөсүндө тыйуу салганы да маалым.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG