Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Өзбек парламентинин жогорку палатасы Олий Мажлис 10-апрелде өлкө Конституциясынын алты беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенин 12news.uz маалымат порталы кабарлады.

Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесин өткөн айда президент Ислам Каримов көтөргөн. Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы президенттин сунуштарын дароо эле жактаган.

Президенттин айрым ыйгарым укуктарын өкмөткө өткөрүп берүү аракеттери бийликтер тарабынан коомду демократиялаштыруу кадамдары катары сыпатталууда.

Мындан тышкары, жергиликтүү кеңештер жана референдум өткөрүү тууралуу жоболор дагы өзгөртүлдү.

Соңку кабарларда Мажлис өкмөт жана өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы тууралуу мыйзамды карап чыкты.
Кабыл алынган мыйзамдар жарандардын маалымат алуу укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Жаңы мыйзамдарда өкмөт жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө жарандарды кабардар кылуунун так жол-жоболору дагы аныкталган.

Адистер Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөр Өзбекстанда иш жүзүндө эч нерсени өзгөртпөйт деген көз карашта. Лондондогу өзбекстандык саясат таанучу Алишер Илхомов өлкөдөгү башкаруу ыкмасы өзгөрбөсүн, болгону бир аз Казакстандагы башкаруу моделине жакындарын айтат. Илхомов Сенаттын акыркы аракети премьерге социалдык жана экономикалык чөйрөнү башкарууда бир аз автономия берет, бирок "Өзбекстан авторитардык өлкө" бойдон кала берет деген ишенимде.
Гүлнара жана Лола Каримова.

Гүлнара жана Лола Каримова.

Президент өлкөдөгү майда-чүйдө иштерден тарта аралашып жүргөн. Мисалы отургуч кайсыл жерге орнотуларын дагы көзөмөлдөгөн. Азыр президенттин курагы, ден соолугу жана болжолдонуп жаткан бийлик алмашуу кризиси ага бардык нерсени көзмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. Анын үстүнө, президенттин ордун ким басары туңгуюк.

Эгер мурда президенттин кыздары анын мураскерлери болот деп күтүлсө, азыр Каримовдун ал пландарын таш капты деп ишендирет Англиядагы саясат таануучу Илхомов. Өзбек коомунда бийликке, саясатчыларга болгон ишеним кризиси өрчүп баратканы да маалым. "Бул конституциялык өзгөртүүлөр менен толуктоолор – аткаруу бийлигинин ичинде кээ бир укуктарды кайра бөлүштүрүү", – деп эсептейт Илхомов.

Айрым аткаруу укуктары премьер-министрге өткөнү менен, күч жана тартип түзүмдөрүн башкаруу президенттин өз колунда калат. Антсе дагы Илхомов соңку конституциялык өзгөрүүлөрдү оң багытка карай жасалган кадам деп сыпаттады.

Жетеленме жана чөнтөк парламент президенттин колунда. Президентке атаандаш жок. Бийликтин жогорку эшелондорунда гана болоор болбос өзгөрүүлөр байкалат. Бул жөн гана айрым укуктарды бөлүштүрүү. Президент өтө кылдаттык менен иш кылып жатат – деген Илхамов Каримовдон кийин бийликке ким келет деген суроо коомду түйшөлтөрүн, атургай мындай жагдай кооптонуу жаратарын белгилейт.
Камолиддин Раббимов.

Камолиддин Раббимов.

Париждеги өзбек политологу Камоллиддин Раббимов дагы Илхомовдун оюна кошулат. Ал Өзбекстанда чоң өзгөрүүлөр күтүлбөйт жана президент Каримов башынан эле өзүнүн бийлик вертикалын бекемдеп келе жатканын мисалга тартат.

Каримов Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин секретарлыгына дайындалып, Өзбекстан эгемендик алгандан кийин президенттик бийлигин бекемдеп, бийлик вертикалын 1990-жылдардын аягына чейин күчөттү. Ал – президент дагы, өкмөт башчы дагы болуп алган.

Франциядагы саясат таануучунун белгилешинче, президент Каримов социалдык, экономикалык, аймактык өнүктүрүү жана айыл-чарба маселелери менен алектенгенди жаман көрөт. Бул стратегиялык, ошол эле маалда толгон-токой көйгөйлүү тармактар жигердүү ишти талап кылат. Ошондуктан ал жөн гана ыйгарым укуктарды эмес, "айрым жоопкерчиликтерди" бөлүштүрдү. Президент Каримов болсо Конституция боюнча өлкөдөгү эң күчтүү адам бойдон кала берет.

– Жогорку бийлик өзгөрбөйт. Президент абсолюттук кол тийбестигин сактап калат. Анын бийлиги дагы кол тийбес бойдон кала берет – деген Раббимовдун пикиринде акыркы конституциялык өзгөртүүлөр жана толуктоолор президент бийликтен кетүүгө камынууда деген ишаратты түшүндүрбөйт.

Ташкент. 31-март, 2014-жыл.

Ташкент. 31-март, 2014-жыл.

Өзбекстанда президенттин ыйгарым укугунан эч ким күмөн санабайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин ачык-айкын кылуу аракеттери жүрүп жатат. "Булардын баары жөн гана социалдык проблемаларды бир нукка салган институттарды түптөө зарылдыгы. Коомдо демократизациянын учкуну дагы жок. Өзбекстанда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталган эмес", – дейт Раббимов.

Глазгодогу Eurasian Ideas талдоо борборунун аткаруучу директору Симон Шмидт Өзбекстандагы акыркы саясий окуялар бир топ кызыгуу жаратканын төмөнкүчө билдирет:

Башкарууда алгылыктуу өнүгүүлөрдү байкаган жокмун. Премьердин кызматынын бекемделишин өзбек жетекчилигинин Каримовдон кийинки эрага даярдоо аракети катары карасак болот. Жогорку жетекчилик өзүн саясий бирдиктүү система катары көрсөтүүгө кызыкдар. Бул сыяктуу өзгөртүү-толуктоолор мурда дагы болгон. Бирок бул сыяктуу ачык-айкын бир фигурага артыкчылык берген аракеттер мурда болгон эмес. Мен премьер эми министрликтерди жана ведомстволорду түптөп же жоюп салуу укугуна ээ болот деп уктум.

Кандай болгон күндө да Өзбекстандын жогорку бийлигинде көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр али күтүлбөйт. Азыр өлкөдө "олуттуу саясий өзгөрүүлөр тууралуу билдирүүлөр жасалбайт", – дейт Раббимов.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG