Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Мэрдин талкууга түшкөн декларациясы


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Мамлекеттик кадр кызматы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун мүлкү тууралуу декларациясын жарыялады. Анда Ибраимов 29 жер тилкесине ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Акыркы күндөрү аркасынан абдан көп сөз ээрчиген Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кирешеси тууралуу декларация Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына 20-сентябрда жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, Ибраимов 29 жер тилкесине ээлик кылат.

Алардын эң чоңу жетимиш сотых болсо, кичинеси он жарым сотых.

Бишкектин мэринин жерлери коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратты. Социалдык тармактардагы талкууларда жарандар үй салууга алакандай жер бөлдүрө албай жаткан чакта мэр мынча жерди кантип, кайдан алган деген суроолор коюлууда.

Мындай маселе көтөргөндөрдүн бири жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ибраимов мүлкү боюнча түшүндүрмө бериши керектигин айтууда:

- Бишкекте канчалаган адамдар жүрөт. Социалдык жактан аз камсыздалган, үйү жок, жайы жок, иштеткенге жери жок жүргөн жаштарыбыз абдан көп да. Аларга мамлекет тарабынан эч кандай жер бөлүнгөн эмес. Эми салыштырып көрсөңөр, Ибраимов көп жерлерди кантип ээлеп алган. Мейли ал сатып алдым десин, бирок ушунча акчаны кайдан тапкан? Коррупциялык схемалар жыттанган жокпу? Бул боюнча түшүндүрмө бериши керек деп ойлойм.

Бирок Албек Ибраимов өзүнө катталган жер тилкелери мыйзамдуу экенин билдирүүдө. Анын айтымында, мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн жер тилкелери Чүй облусунун аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы аянттар жана аларды мыйзамдуу жол менен сатып алган:

- Бул жердин баары эле айыл чарба багытындагы жерлер. Илгери эле сатып алганбыз. Жерлер бөлүнүп, эл үлүшкө албады беле. Ошол үлүшкө алган адамдардан сатып алганбыз. Жер тилкелеринин Бишкекке эч тиешеси жок. Өйдө жактагы айыл чарба багытындагы тилкелер.

Ошол эле кезде Бишкектин мэринин кирешеси тууралуу декларациясынын жарыяланган учуру да көптөгөн суроолорду жаратты. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтында шаар башчыларынын, анын ичинде Ибраимовдун декларациясы да жок болуп чыккан. Буга чейин Ибраимов жана президент Алмазбек Атамбаевдин Чүйдүн Кой-Таш айылында эки гектардан ашык жерди мыйзамсыз басып алганга айыптап чыккан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев калаа башчысынын декларациясы атайылап жок кылынганын айтып чыккан:

- Эмне үчүн бир жумадан бери Ибраимовдун декларациясы көрсөтүлбөйт. Мени жамандашат, КТРден жамандашат. Анын ордуна телефон чалып эле, салык төлөсө алып койбойбу. Ибраимов Атамбаевге жер тилкесин саттым дегени менен эч кандай акча төлөгөн эмес. Анткени аны арткы дата менен жасап жатышат. Бирок жасаганы менен элди алдай алышпайт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Чындыгында эле Албек Ибраимовдун декларациясы мэрдин үй-бүлөсүнүн былтыр жер сатып 33 млн сом тапканы да көрсөтүлгөн. Бул мэрдин жубайы президентке сатты деген жерден түшкөн киреше болушу ыктымал.

Мамлекеттик кадр кызматынын маалымат катчысы Назгүл Бегалиева Ибраимовдун декларациясы атайылап жок кылынбастан, өз убагында жарыяланган деп билдирүүдө:

- Ибраимов 2016-жылы март айында Бишкектин мэрлигине дайындалды. Андан соң декларация толтуруп берди. Биздин нормага ылайык, алгач президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, андан соң жергиликтүү бийлик башчыларынын декларациясы жарыяланат. Ошондуктан, кечээтен баштап башка мэрлер сыяктуу эле Ибраимовдун декларациясы жарыяланды.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Текебаев 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Бийлик Текебаевдин айткандарын четке кагып, бардык сатып алуулар мыйзамдуу болгон деп айтып келе жатат.

Албек Ибраимов мэр болуп быйыл марттын башында дайындалган.
Албек Ибраимов мэр болуп быйыл марттын башында дайындалган.

Бул окуялардан соң Ибраимовдун мүлктөрү боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан журналист Элнура Алканованын айтуусунда, мэрдин ишмердигинде бир катар жагдайлар бар:

- Менин иликтөөмдө бир компанияны байкадык. ТМ Orland аттуу аба жана авто майларды сатуу менен алектенген компанияга көңүлүбүз бурулду. Бул компанияны Албек Ибраимов "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда аялы сатып алган. Бул биринчиден, кызыкчылыктар кагылышы болуп жатат. Экинчиден, Ибраимов өз декларациясында бул компаниядан түшкөн кирешелерди көрсөткөн эмес. Мунун баарын текшерүү керек деп ойлойм.

Албек Ибраимов быйыл март айында Бишкектин мэрлигине шайланган. Ал узак убакыттан бери Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. Президент “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Албек Ибраимов кайрадан майлуу-сүттүү кызматтарда иштей баштаган. 2010-11-жылдары Бишкек эркин экономикалык аймагын, 2011-12-жылдары “Дастан” ишканасын башкарган. 2012-13-жылдары президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп дайындалган. 2013-жылдан быйылкыга чейин “Манас” эл аралык аба майданын башкарып келген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG