Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Өзбекстан Airbus аскерий учактарын алууда


Өзбекстандын аскер-аба күчтөрүнүн эн белгиси коюлган учак Испаниядагы сыноо учурунда. Defence Blog сайты жарыялаган сүрөт.

Өзбекстандын аскер-аба күчтөрүнүн эн белгиси коюлган учак Испаниядагы сыноо учурунда. Defence Blog сайты жарыялаган сүрөт.

Коргонуу маселелерине адистешкен интернет басылмалардын маалыматына караганда, Өзбекстан армиясын Airbus үлгүсүндөгү аскерий-транспорттук учактар менен чыңдаганы жатат.

Ташкент Евробиримдиктин авиациялык эң ири ишканасынан аскерий транспорттук учактарды сатып алып жатканы, албетте, расмий айтылган жок. "Бул боюнча эч түшүндүрмө бере албайбыз, менде мындай маалымат жок", - деди “Азаттыктын” өзбек кызматына Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү.

Бирок бир катар интернет басылмалар маалымдашкандай, мунун айрым кыйыр далилдери пайда болду.

Defence Blog интернет сайты жазганына караганда, 17-июнда испаниялык фото сүрөтчү (Jose Antonio Almarza Madrera) Севилье шаарынын тегерегинен Өзбекстандын аскер-аба күчтөрүнүн (Uz Air Force) эн белгиси коюлган Airbus C295W учактары сыналып жаткан учурду тартып алган.

Айтылуу Airbus компаниясынын аскерий-транспорттук учактарды чыгаруучу бөлүмү – Airbus Defence and Space компаниясы Испаниянын дал ушул Севилье шаарында жайгашкан.

Өзбекстандын аскер-аба күчтөрүнүн эн белгиси түшүрүлгөн Airbus учактарынын сүрөтү интернетке чыкканга чейин аталган компаниянын Борбор Азия жана Чыгыш Европага сатуулар боюнча аймактык директору Стефан Конколи жакында алар үчүн Өзбекстандын улуттук авиациясын модернизациялоого катышуу чоң сыймык экенин айткан болчу.

Ушул тапта Өзбекстандын улуттук “Узбекистан хаво йуллари” компаниясында Airbus A320 үлгүсүндөгү жүргүнчү учактардан он даанасы бар. Ал эми Airbus Defence and Space компаниясы жыл башында C295W аскерий учактарын сатуу боюнча сегиз жаңы келишим түзгөнүн жарыялаган, бирок буйрутма берген тараптарды ачыктаган эмес. 19-июнда Франциянын Ле Бурже шаарындагы эл аралык авиасалондо төрт учакка буйрутма берген өлкө Сауд Арабия экени белгилүү болгон.

Эми интернетке чыккан сүрөттөр калган төрт учакты Өзбекстан алып жатат деген жоромолдорду жаратууда.

Airbus Defence and Space компаниясынын басма сөз өкүлү Магги Бергсма “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде Ташкент сатып алып жатат деген аскерий учактын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө буларды айтты:

- Бул учак түрдүү миссияларды аткара алат. Адамдарды, жүктөрдү ташый алат. Мындан башка бир версиясы байкоо жүргүзүү миссиясын аткара алат. Учактын түрдүү версиялары бар, баасы да ошого жараша.

Өзбекстан сатып алганы айтылган Airbus C295W учагы.

Өзбекстан сатып алганы айтылган Airbus C295W учагы.

Интернеттеги маалыматтар боюнча C295W аскерий-транспорттук учактары 70тей жоокерди, 50 парашютчуну батыра алат. Саатына 580 чакырым ылдамдык менен бир көтөрүлгөндө 1,3 миң чакырымга чейин токтобой уча алат. Баасы 30 миллион доллардын тегерегинде.

Борбор Азиядан Airbus аскердик-транспорттук учактарынан төрт даананы буга чейин 2013-жылы Казакстан сатып алган.

Өзбек бийликтери адатта башка маселелер сыяктуу эле коргонуу жана коопсуздук саясатына тиешелүү маалыматтарды да комментарийлешпейт жана жашыруун кармашат.

Маселен 2014-жылы Өзбекстан Кытайдан учкучсуз башкаруудагы учактарды сатып алып жатканын да чет элдик интернет сайттар кабарлаган. Былтыр декабрда Өзбекстан АКШдан аскерлер үчүн брондуу унааларды алары белгилүү болгондо да Ташкенттеги бийликтер эч комментарий берген эмес.

Өзбекстан АКШдан алган MRAP унаасы.

Өзбекстан АКШдан алган MRAP унаасы.

Америкалык расмий өкүлдөр гана Өзбекстанга MRAP (Mine-Resistant Ambush Protected) үлгүсүндөгү, АКШ армиясында мурда колдонулган аскерий унаалардан 328 даана берилерин, ал коргонууга гана багытталган жана терроризмге, маңзаттарга каршы күрөшүү ишинде идеалдуу кызмат кылчу техника экенин айтышкан.

Ошентип, акыркы жылдары Батыштын аскерий техникасына ык койгон Өзбекстан Орусиянын аскерий техникасынан акырындык менен кете баштады деп жыйынтык чыгарууга болобу? Биз бул суроону орусиялык аскерий талдоочу Александр Гольцго жолдодук:

- Орусия азыр заманбап аскерий-транспорттук учакты бере албасы анык. Андыктан абдан рационалдуу адам болгондуктан Каримов аны башка жактан издеп жатат. Орусия Өзбекстанга учкучсуз башкаруудагы учуучу аппараттарды бере албасы түшүнүктүү. Алар болсо Каримовго чек араларды көзөмөлдөө үчүн абдан керек. Демек Орусия бере албаса Кытайдан алат да. Андыктан мен Өзбекстан Орусиянын аскерий техникасынан такыр эле баш тартканы боюнча алыска кеткен жыйынтык чыгарбас элем. Эгер Орусия аскерий техниканын сапатын, баасын келиштирип, кепилдиги менен кошо берсе Өзбекстан Оруисиянын да аскерий техникасын колдонорунан шек санабайм.

Орусиялык аскерий талдоочу Александр Гольц президент Ислам Каримов өзбек армиясын заманбап аскерий техника менен чыңдоого каражатты кай жакка жумшарын билбегендиктен эмес, биринчи кезекте ооган коркунучунан улам барып жатканын белгиледи:

- Ал Өзбекстан жакынкы убакта коопсуздук жаатында эң олуттуу коркунучтарга туш болорун түшүнөт. Бул эл аралык коалициялык күчтөрдүн Ооганстандан кетишине байланыштуу. Карагылачы алар кандай техниканы алып жатат. Бул коркунучту күн мурунтан эскертүүчү техника - дрондор. Экинчиси - аскерий күчтөрдү тез жайгаштырууга мүмкүндүк бере турган техника. Бул үчүн өзбек жетекчилигин, армиясын күнөөлөгөнгө болбойт. Мындай чара ооган коркунучуна жооп берүү үчүн көрүлүп жатат.

Борбор Азиядан армиясы эң көп жана коопсуздукка каражатты эң көп сарптайт деген Өзбекстандын Ооганстан менен ортодон Амударья бөлгөн чек арасынын узундугу 137 чакырым.

Маалыматтарга караганда, акыркы айларда Түндүк Ооганстанда жортуп жүргөн согушкерлердин бир бөлүгү мурдагы “Өзбекстан ислам кыймылынан” чыккандар.

Ооганстанда учурда АКШ менен НАТОнун 10 миң 800дөй жоокери калган. Бирок алардын быйылкы жылдын башынан берки негизги вазийпасы - ооган күчтөрүн машыктыруу. Коопсуздук операцияларын болсо ооган аскерлери өздөрү жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG