Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы БШКны сотко берди


"Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев.
"Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жалал-Абаддагы шайлоого КСДПга уруксат берилгенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко кайрылды. Арыз Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жолдонду. Бул тууралуу парламенттеги аталган фракциянын катчылыгы "Азаттыкка" билдирди.

Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП фракциясы сунуштаган тизмеде эреже сакталбаганы аныкталып, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партиялары Аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Анын жыйынтыгында 2-декабрда КСДПнын тизмеси жараксыз деп табылган. Бирок Аймактык шайлоо комиссиясы үч күндөн соң маселени кайра карап, чечимди жокко чыгарган.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясындагылар муну мыйзам бузуу деп атаган жана БШК тийиштүү чечим кабыл алышы керектигин белгилешкен. Ага карабай, КСДПга шайлоого катышууга уруксат берилген. Муну аталган партия тизмесин оңдогону менен негиздешкен.

“Өнүгүү-Прогресстин” сотко кайрылган кадамын “Ата Мекендин” катчылыгы да колдой турганы маалымдалды. (SE)

XS
SM
MD
LG